15 Бештин айы архиви

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ЕЭК Коллегиясынын мүчөсү Валерий Корешковду кабыл алды
15
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-декабрда, Кыргыз Республикасынын ветеринардык тутумун жакшыртуу боюнча аткарылган иштер менен таанышуу максатында келген Евразиялык экономикалык комиссиянын техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегиясынын мүчөсү (министри) Валерий Корешковду кабыл алды. «ЕЭК активдүү позициясы Биримдик алкагындагы тоскоолдуктарды жоюуга жана товар, тейлөө, капитал жана жумушчу күчүнүн эркин жылуусуна карай жаңы мүмкүндүктөрдү түзүүгө көмөктөшөөрүнө ишенем», Уландысы

Өкмөт Салык кызматынын штаттык санын жана түзүмүн оптимизациялоо жөнүндө чечим кабыл алды
15
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик салык кызматынын штаттык санын жана түзүмүн оптимизациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду. Документке ылайык, Салык кызматынын борбордук аппаратынын кайталанма функциядагы 6 штаттык бирдигин жоюу максатында алар аймактык органдарга өткөрүлүп берилген. Ошондой эле Мамлекеттик салык кызматына ири салык төлөөчүлөрдү тандоонун критерийлерине талдоо жүргүзүүсү, ири салык төлөөчүлөрдү аныктоонун критерийлери Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Сооронбай Жусуев кыргыз адабиятынын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон
15
Бештин айы

Сооронбай Жусуев кыргыз адабиятынын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон, ал туулган жерге болгон сүйүүсү аркылуу Мекенге ак кызмат өтөөнүн үлгүсүн калтырган», – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-декабрда, Кыргыз Республикасынын Баатыры, акын Сооронбай Жусуевге орнотулган эстеликтин ачылышында. Залкар калемгер Сооронбай Жусуев элине 70тен ашык китептен турган чыгармачылык мурасын калтырып кетти. Анын 300гө жакын ырларына Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештер институту мамлекеттик башкаруу тутумунун ажырагыс бөлүгү болуп калды
15
Бештин айы

«Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештер институту мамлекеттик башкаруу тутумунун ажырагыс бөлүгү болуп калды», – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-декабрда, «Бийликтин жана коомдук кеңештердин 2016-жылкы өз-ара аракеттешүүсүнө баа берүү» жыйынында. Өкмөт башчы өз сөзүндө белгилегендей, коомдогу демократиялык принциптердин өнүгүүсү жарандардын мамлекеттик башкарууга катышуусуна карай укугун жана ролун кеңейтти. «Активдүү жарандык сектор мамлекеттик институттарды Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР