16 Бештин айы архиви

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Чоң жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү боюнча кеңешме өткөрдү
16
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 16-декабрда, Чоң жана Кичи Памирде (Афганистан) жашаган этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйында Чоң жана Кичи Памирде (Афганистан) жашаган этникалык кыргыздарга көмөк көрсөтүү боюнча 2017-жылга карата Иш-чаралар планы талкууланды. КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрага орун басары Алмазбек Асанбаев маалымсдагандай, Кичи Памирде 208 үй-бүлө, ал эми Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү ирригациялык тутумдарды модернизациялоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү
16
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-декабрда, 2017 – 2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын Ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын долбоорун талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев маалымдагандай, бүгүнкү күндө республика боюнча 44 ирригациялык объект бар. Анын айтымында, аталган долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууда Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Абдулла Ариповду Өзбекстандын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады
16
Бештин айы

КыргызРеспубликасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Абдулла Ариповду Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. «Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүн жетектөө боюнча сизге көрсөтүлгөн ишеним Сиздин эмгегиңизге жана бай тажрыйбаңызга берилген баа катары саналаарына ишенем. Сиздин демилгелериңиз жана алдыга койгон максатарыңыз келечекте Өзбекстан Республикасынын элинин бакубаттулугун жогорулатууга жана  социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салымын кошооруна ынанам. Тарыхый жактан калыптанып калган кыргыз-өзбек мамилелерин Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР