19 Бештин айы архиви

Бактыбек Абдиев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды
19
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-декабрда буйрукка кол койду. Ага ылайык Абдиев Бактыбек Абышевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Турдубек Мамбетов Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун милдетин аткаруудан бошотулду
19
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-декабрда, буйрукка кол койду. Ага ылайык Мамбетов Турдубек берген арызына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун милдетин аткаруу кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен Москва шаарындагы өрт учурунда адам өмүрүн сактоого катышкан бир катар кыргызстандык жана россиялык жарандар сыйланат
19
Бештин айы

Россия Федерациясынын Москва шаарындагы типографиянын имаратындагы өрттөн Кыргыз Республикасынын жарандарын сактоодо көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен бир катар жарандар сыйланат. Белгилесек, мурдараак Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Өкмөткө 2016-жылдын 27-августунда Москва шаарындагы өрт учурунда адамдарды сактап калууга катышкан жарандарды сыйлоо тууралуу маселени иштеп чыгууну тапшырган. Аталган тапшырманы аткаруу иретинде Уландысы

«Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок жактарды каттоо маселеси жөнүндө» Өкмөттүн токтомуна кол коюлду
19
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок жактарды каттоо маселеси жөнүндөгү» Өкмөттүн токтомуна кол койду. Аталган Токтомго ылайык,  Кыргыз Республикасынын аймагына келген чет өлкөлүк жарандардын келген жери боюнча катталуудан бошотуу мөөнөтүн көрсөтүү менен чет мамлекеттердин тизмеси бекитилет. Ал Өкмөттүн чечимдерин “Тышкы миграция жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР