21 Бештин айы архиви

Москва шаарында ЕЭК кеңешинин кезектеги жыйыны жыйынтыкталды
21
Бештин айы

Бүгүн, 21-декабрда, Москва шаарында (Россия Федерациясы) Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) кеңешинин кезектеги жыйыны аяктады. Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясын Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов жетектеген. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйыны тар жана кеңейтилген курамда өткөрүлдү. Жыйын жүрүшүндө ЕЭК кеңешинин мүчөлөрү бир катар маанилүү маселелерди талкуулады, алар төмөндөгүлөр: – Алып кирүүчү Уландысы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясы ЕЭК кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда
21
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов жетекчилик кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясы бүгүн, 21-декабрда, Москва шаарында Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда. Делегациянын курамында  -  транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, Өкмөт Аппаратынын Жетекчисинин орун басары – Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык бирлигиндеги өкүлү Санжар Уметалиев, экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков, тышкы иштер министринин Уландысы

Вице-премьер-министр Жениш Разаков «Бишкек машина куруу заводу» ААК барды
21
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 21-декабрда, «Бишкек машина куруу заводу» ачык акционердик коомуна барды. Жеңиш Разаков мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышып, заводдун аймагындагы өндүруш цехтерин көрдү. «Бишкек машина куруу заводу» ААК жетекчилиги вице-премьер-министрге чыгарылган продукцияларды көрсөтүп, заводдун азыркы абалы жана өндүрүштөгү финансылык кыйынчылыктар тууралуу маалымат берди. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «БМЗ» ААК мындан ары өнүгүүнү талап Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин түзүмүн оптимизациялоо жөнүндө токтомдорго кол койду
21
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин түзүмүн оптимизациялоо жөнүндө токтомдорго кол койду. Аталган документке ылайык, Республикалык «Манас» жаштар сарайынын функциясы жана штаттык саны Мамагенттиктин борбордук аппаратына өткөрүлөт. Бул Республикалык «Манас» жаштар сарайы Жаштар иштери, дене тарбия Уландысы

Чүй облусунун Жайыл районунун акими Турусбек Ногоевге катуу сөгүш берилди
21
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-декабрда, буйрукка кол койду. Ага ылайык, Чүй облусунун Жайыл районунун мамлекеттик администрация жетекчиси (акими) Турусбек Ногоевге катуу сөгүш берилди. Аталган чечим мамлекеттик администрация жетекчиси Турусбек Ногоевдин ишинде райондогу коомдук-саясый абалды көзөмөлдөө жүргүзүү, укук коргоо органдарынын, министрлик жана административдик ведомстволордун аймактык түзүмдөрүнүн ишин координациялоо жаатында кемчиликтер аныкталгандыгына байланыштуу кабыл алынган. Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР