22 Бештин айы архиви

Мэлис Мамбетжанов Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы кызматынан бошотулду
22
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон  буйрукка ылайык, Мамбетжанов Мэлис Тулиндыевич  берген арызына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Афганистан Ислам Республикасынын делегациясы менен жолугушту
22
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 22-декабрда, Бадахшан провинциясынын губернатору Бикзат Ахмад Фейсал жетектеген Афганистан Ислам Республикасынын делегациясы менен жолугушту. Вице-премьер-министр белгилегендей, делегациянын аталган сапары эки тараптуу мамилелелердин өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет. Ошондой эле ал белгилегендей, учурда Кыргызстандын ЖОЖдорунда эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын чыңдалышына салым кошчу Афганистандын 200 ашуун студенти билим алууда. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Уландысы

Чүй облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергеновго эскертүү берилди
22
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кудайбергенов Бактыбек Жапаровичке жүктөлгөн милдетти тийиштүү аткарбагандыгы үчүн эскертүү берилди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Жарандык авиациянын көйгөйлөрүн чечүү жана өнүктүрүү үчүн авиа ташуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү күчөтүү чараларын кабыл алуу зарыл
22
Бештин айы

«Жарандык авиациянын көйгөйлөрүн чечүү жана өнүктүрүү үчүн авиа ташуучуларга аба учактарын сатып алуу, жеңилдиктерди берүү жана жарандык авиацияны өнүктүрүүгө ар тараптуу жардам берүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү күчөтүү боюнча бир катар иш-чараларды кабыл алуу зарыл», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-декабрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында. Өкмөт башчы белгилегендей, авиа ташууларда ички Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана жолдор министрлигине “Ачык асман” режимин киргизүү процессин тездетүүнү тапшырды
22
Бештин айы

“Ачык асман” саясатын киргизүү азыркы учурда кагаз бетинде калып жатат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-декабрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын абалы жана өнүгүү келечеги тууралуу маселени талкуулоо учурунда билдирди. «Аба мейкиндигиндеги чектерди алып салуу дүйнөлүк авиа ташуучулар үчүн жүргүнчүлөрдү да, жүктөрдү ташууда да рейстердин санын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүктөрдү бермек. Уландысы

Сооронбай Жээнбеков: Жарандык авиация республиканын соода жана туризм тармагын өнүктүрүүгө өбөк болуусу керек
22
Бештин айы

Кыргызстан географиялык жактан ыңгайлуу жайгашкан жана транзиттик авиаташууларды өнүктүрүү жаатында зор мүмкүндүктөргө ээ. Бул туурасында бүгүн, 22-декабрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков билдирди. Өкмөт башчы белгилегендей, өлкөнүн жарандык авиациясы   өндүрүштүк жана социалдык инфраструктуранын  маанилүү курамдык бөлүгү болуп саналат. Буга байланыштуу жарандык авиация Кыргызстандын бюджет түзүүчү туризм, соода сыяктуу негизги тармактарынын өнүгүшүнө  Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков энергетикалык тармактын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
22
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков энергетикалык тармактын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз: «Урматтуу энергетиктер жана ушул тармактын ардагерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Энергетиктердин күнү менен куттуктайм! Энергетика – өлкөнүн экономикасынын негизи, өнөр жай ишканаларынын, мамлекеттик мекемелердин, мектептердин, ооруканалардын үзгүлтүксүз иштеши, үйлөрүбүздөгү жылуулук жана ыңгайлуулук энергетиканын ишине көз каранды. Энергетикалык ишканаларда миңдеген Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Чек араны бекемдөө жана чек ара аймактарын өнүктүрүү – ар бир мамлекеттин улуттук коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн түзгөн маанилүү бөлүк
22
Бештин айы

«Чек араны бекемдөө жана чек ара аймактарын өнүктүрүү – ар бир мамлекеттин улуттук коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн түзгөн маанилүү бөлүк болуп саналат», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-декабрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун натыйжаларын Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР