23 Бештин айы архиви

Рустам Курманов КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаментинин директору кызматынан бошотулду
23
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон  буйрукка ылайык, Курманов Рустам Абдыкайыпович Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаментинин директору кызматынан бошотулду. Чечим Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан учурдагы антикоррупциялык мыйзамдын талаптарын сактоого тийиштүү текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынды. Анын жүрүшүндө Депратаменттин ишинде одоно жана финансылык мүнөздөгү көп сандаган Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Иран Президенти Хасан Роухани менен жолугушту
23
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-декабрда, Кыргызстанга расмий сапар менен келген Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани менен жолугушту. «Сиздин Кыргызстанга жасаган сапарыңыз эки өлкө ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүдө жана чыңдоодо маанилүү окуя болуп саналат. Сиздин сапарыңыздын алкагында эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн катышуусундагы Бизнес-форумдун актуалдуулугун жана өз учурунда өткөрүлүп жаткандыгын белгилеп кетким келет. Форум – Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн алыскы аймактарына жаш педагогдорду тартуу боюнча ишти жандандырууну тапшырды
23
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында өлкөнүн алыскы аймактарына жаш педагогдорду тартуу боюнча ишти жандандыруну тапшырды. Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги айыл мектептеринде, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелериндеги мугалимдердин жетишсиздиги көйгөйүн чечүүчү жаш мугалимдерди колдоого алуу программасын жандандандыруусу зарыл. Буга катар эмгектенүү үчүн тийиштүү Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Мамлекеттик миграция кызматынын борбордук аппаратына төрага Медетбек Айдаралиевди тааныштырды
23
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын  Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 23-декабрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын борбордук аппаратына төрага Медетбек Айдаралиевди тааныштырды. Мухамметкалый Абулгазиев Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчилиги ведомствого жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн бардык күч-аракетти жумшаарына ишеним билдирди. Ал жаңы жетекчиликке жана жамаатка ийгиликтерди жана ырааттуу ишти каалады. Белгилесек, бүгүн Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол Уландысы

Медетбек Айдаралиев Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалды
23
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-декабрда кол койгон  буйрукка ылайык, Айдаралиев Медетбек Курбанбаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү  

Өкмөт Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин түзүмүн оптималдаштырды
23
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду, ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин түзүмү оптималдаштырылат. Аталган чечим Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ведомстволук жана түзүмдүк бөлүктөрүнүн ортосундагы функцияларды так ажыратуу жана ведомствонун кадрдык мүмкүнчүлүгүн натыйжалуу пайдалануу максатында кабыл Уландысы

Талайбек Темиралиев КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы кызматынан бошотулду
23
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон  буйрукка ылайык, Темиралиев Талайбек Асанбекович берген арызына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР