26 Бештин айы архиви

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пункттарын оңдоп-түзөө иштери менен таанышты
26
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 26-декабарда, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан “Токмок-автожол” жана “Кең-Булуң-автожол” көзөмөл өткөрүү жайларын реконструкциялоо жана заманбап жабдыктар менен камсыз кылуу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Кең-Булуң айылындагы көзөмөл өткөрүү бекетинин сметалык баасы 29 998,8 миң сомду түзүп, учурда пайдубалы түптөлсө,  А блогу толугу менен бүтүп, Б блогунун тосмосу орнотулуууда. Мындан Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Кышкы туризмди өнүктүрүү жайкы туризм менен катар артыкчылыктуу багыт катары саналат
26
Бештин айы

«Кышкы туризмди өнүктүрүү  жайкы туризм менен катар  артыкчылыктуу багыт катары саналат», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков,  25-декабрда, Чүй  областынын Аламүдүн районундагы «Чункурчак» тоо лыжа базасындагы 2016-2017-жылкы кышкы сезондун ачылыш аземинде. Өкмөт башчы белгилегендей, акыркы жылдары өлкөдө кышкы туризм тармагы тездик менен өнүгүүдө. «Жыл бою туризмди өткөрүү  үчүн жергиликтүү жана чет элдик конокторго Уландысы

Бардык мамлекеттик мекемелердеги кызытуучу лампалар акырындык менен жарык диоддук лампаларга алмаштырылат
26
Бештин айы

Бардык мамлекеттик мекемелердеги кызытуучу лампалар акырындык менен жарык диоддук лампаларга алмаштырылат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов 23-декабрда мамлекеттик мекемелердин коммуналдык тейлөөлөргө чыгымдарын оптимизациялоо маселеси боюнча жумушчу кеңешмеде билдирди. Олег Панкратов белгилегендей, энергетикалык кубаттуулуктарды сарамжалдуу пайдалануу маселеси бүгүнкү күндө абдан актуалдуу болуп саналат. «Өлкөдөгү энергетикалык тартыштыкты төмөндөтүү максатында жаңы генерациялык кубаттуулуктарды куруу зарылдыгы тууралуу Уландысы

Экономика министринин орун басары Эльдар Абакировго сөгүш жарыяланды
26
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-декабрда, буйрукка кол койду. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Абакиров Эльдар Курманбековичке жүктөлгөн милдеттерди тийиштүү аткарбыгындыгы үчүн сөгүш жарыяланды. Аталган чечим Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн кызматтык катынын негизинде Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР