2017 жылдык архиви

Премьер-министр Сапар Исаков 2017-2018-жылкы кышкы туристтик сезондун башталышына расмий старт берди
30
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 30-декабрда, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Чуңкурчак» тоо лыжа базасында өткөн 2017-2018-жылкы кышкы туристтик сезондун расмий ачылышына катышты. Өкмөт башчы кышкы туризм өлкөдө жайкы туризм менен катар атамекендик экономиканы өнүктүрүүдө артыкчылыктуу тармактардын бири экендигин белгиледи. Анын айтымында, жыл сайын кышкы спорттун түрлөрүнө кызыккан чет элдик туристтердин жана өлкө жарандарынын саны Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков интернаттык мекемелерде жана аз камсыздалган үй-бүлөлөрдө жашаган балдарды Жаңы жылы менен куттуктады
30
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун атынан жетим балдар жана ата-эненин камкордугусуз калган балдар үчүн интернаттык типтеги мекемелерде жана аз камсыздалган үй-бүлөлөрдө жашаган балдар Жаңы жылга карата таттуу белектерди алышты. Белгилесек, балдардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан берилген маалыматтардын негизинде түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү

Президенттик шайлоону өткөрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн бир катар жарандар сыйланды
30
Бештин айы

Кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы, ошондой эле 2017-жылдын 15-октябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Президентик шайлоосуна даярданууга жана өткөрүүгө активдүү көмөк көрсөткөндүгү үчүн бир катар жарандар өкмөттүк сыйлыктар менен сыйланды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды: Бусурманкулов Эмилбек Бурканбекович        -        Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык Уландысы

Өкмөттүн Аппарат жекетчиси – министр Нурханбек Момуналиев жарандарды президенттик шайлоону өткөрүүгө активдүү катышкан жарандарды сыйлады
30
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө бир катар жарандар кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы, ошондой эле 2017-жылдын 15-октябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Президенттик шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө жигердүү көмөк көрсөткөндүгү үчүн өкмөттүк сыйлыктар менен сыйланышты. Өкмөттүн Аппарат жетекчиси Кыргыз Республикасы 2015-жылы биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөргөндүгүн белгилеп кетти. «Биометрикалык малыматтарды чогултуп жатканда жарандар арасында Уландысы

Өкмөт өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртуу үчүн «Жаратылышты өнүктүрүү фондун» түздү
30
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков өлкөдөгү, анын ичинде «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда, экологиялык абалды жакшыртуу менен алектенген «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» коомдук фондун түзүү боюнча токтомго кол койду. «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» коомдук фондунун негиздөөчүсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү болуп саналат. Фонддун ишмердүүгү айлана чөйрөнү коргоо боюнча чараларды күчтөндүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана «Centerra Gold Inc.» компаниясы Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков «Торугарт-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун жаңы имаратын пайдаланууга берилишин тездетүүнү тапшырды
29
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 29-декабрда, Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Торугарт-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши менен таанышты. Премьер-министр транспорттук көзөмөл, фитосанитардык коопсуздук, санитардык-карантиндик көзөмөл жана ветеринардык коопсуздук пункттарынын иши менен таанышты. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев маалымдагандай, аталган көзөмөл-өткөрүү пунктунда тесттик режимде Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Нарын облустук ооруканасынын бүткөрүлбөгөн имаратынын курулушун жыйынтыктоону тапшырды
29
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 29-декабрда, Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында облустук бириккен оорукананын абалы менен таанышты. Тактап айтканда, Өкмөт башчы медициналык палаталарды кыдырып, япон мамлекети тараптан грант түрүндө берилген гемодиализ үчүн заманбап аппараттын иши менен таанышып, оорукананын медициналык кызматкерлери жана бейтаптар менен маектешти. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев маалымдагандай, Нарын облустук Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Нарын шаарында КР ЖАМК жана МЧК кызматкерлерине жаңы квартиралардын ачкычын тапшырды
29
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 29-декабрда, Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жеке курамынын кызматкерлери үчүн Нарын шаарында курулган турак-жайлардын ачылыш салтанатына катышты. Өкмөт башчы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлерин турак-жайлуу болушу менен куттуктап, бул Уландысы

1 2 3 173
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР