2017 жылдык архиви

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ички иштер орган кызматкерлерине бир катар өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды
3
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-февралда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коллегиялык жыйынында 2016-жыл жыйынтыгы боюнча ишинен өзгөчөлөнгөн милиция кызматкерлерине бир катар өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды. Өкмөт башчы белгилегендей, милиция кызматкерлеринин натыйжалуу жана кесипкөйлүк менен аткарылган иши баалануга татыктуу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды: – Анарбекова Айпери – Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2017-жылга карата ИИМ алдындагы негизги милдеттерди атады
3
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-февралда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коллегиясында ведомство алдындагы 2017-жылга карата негизги милдеттерди атады. Ал белгилегендей, негизги милдеттер катары Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тутумун реформалоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгында каралган иш-чаралар эсептелет. Сооронбай Жээнбеков ошондой эле ички иштер органдарынын ишин оптимизациялоо, ИИМ борбордук аппаратынын санын Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков балдардын жана өспүрүмдөрдүн жашоосуна коркунуч туудурган виртуалдык оюндардын интернет мейкиндикте жайылтылышы маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү
3
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-февралда, балдардын жана өспүрүмдөрдүн жашоосуна коркунуч туудурган виртуалдык оюндардын интернет мейкиндикте жайылтылышы маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы алдын алуу чараларын күчтөндүрүү, анын катарында ата-энелер жана балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. Сооронбай Жээнбеков бардык тийиштүү мамлекеттик органдардын, жарандык коомчулуктун, ата-энелердин аталган оюндардын жайылтылышына жол бербөө үчүн күч-аракетин Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө жана экспортко багытталган айыл чарба өндүрүшүнө 6% жылдык үстөгү менен насыя берилет
3
Бирдин айы

Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө жана экспортко багытталган айыл чарба өндүрүшүнө 6% жылдык үстөгү менен насыя берилет. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Айыл чарбасын каржылоо – 5» долбоорун талкуулоо боюнча жумушчу кеңешмеде билдирди. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков эскерткендей, мурдараак «Айыл чарбасын каржылоо – 4» долбоорунун алкагында айыл чарба жаатында алектенген ишкерлер үчүн пайыздык Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархат Бекманбетовго сөгүш жарыялады
2
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, коюлган милдеттерди аткара албагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархат Бекманбетовго сөгүш жарыялады. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Тынарбек Супатаев Кемин районунун акими кызматынан бошотулду
2
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-февралда буйрукка кол койду. Ага ылайык, Супатаев Тынарбек Усубалиевич берген арызына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Нурак Качкынбаев Манас районунун акими кызматынан бошотулду
2
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-февралда буйрукка кол койду. Ага ылайык, Качкынбаев Нурак Шайлооканович берген арызына байланыштуу  Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас  райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Аманкан Кенжебаев Сокулук районунун акими кызматынан бошотулду
2
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-февралда буйрукка кол койду. Ага ылайык, Кенжебаев Аманкан Батырбекович берген арызына байланыштуу  Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

1 151 152 153 154 155 173
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР