2017 жылдык архиви

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Материалдык резервдер фондунун төрагасы Гуламжан Анарбаевди кабыл алды
5
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы  Гуламжан Анарбаевди кабыл алды. Анда Фонддун ишмердүүлүгү жана жакынкы мезгилде аткаруучу милдеттери талкууланды. Гуламжан Анарбаев маалымдагандай, мекеме тарабынан өлкө аймактарындагы үрөн сактоочу жайларды модернизациялоо, реконструкциялоо жана дебитордук карыздарды жоюу боюнча иштер активдүү жүргүзүлүүдө.  Ал белгилегендей,  бүгүнкү күндө Мамлекеттик материалдык Уландысы

Болот Жусуев Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары болуп дайындалды
5
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду. Ага ылайык, Жусуев Болот Аманович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик тейлөөнү электрондук форматка өткөрүү процессин тездетүүнү тапшырды
4
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-январда, Кыргыз Республикасында электрондук мамлекеттик тейлөөнү жана сервис тутумун киргизүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кыргыз Республикасында электрондук мамлекеттик тейлөөнү жана сервис тутумун киргизүү боюнча пилоттук долбоордун бетачарын Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев сунуштады. «Жарандардын мамлекеттик тейлөөгө ишенимин калыбына келтирүү, мамлекеттик башкаруу тутумунда коррупциялык Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын мэри кызмат ордуна талапкер көрсөтпөйт
4
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын мэри кызмат ордуна жеке талапкер көрсөтпөө чечимин кабыл алды. Белгилүү болгондой, “Борбордун макамы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары, фракциялар коалициясы жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлерди көрсөтүүгө укуктуу. «Мамлекетте демократиялык принциптерди мындан ары өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерин өркүндөтүү Уландысы

Онтарионун Апелляциялык соту (Канада) «Centerra Gold Inc.» канадалык компаниясынын бенефициардык менчик акциясы маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын жана «Кыргызалтын» ААК пайдасына чечим чыгарды
4
Үчтун айы

Мындан мурдараак төрт эл аралык арбитраждык териштирүүлөрдүн доочулары: «Манас Банк» ЖАК акционери В.Белоконь, «Sistem Muhendislik Insaat Sanayi ve Ticaret Anonim Sirketi» түрк компаниясы, «Stans Energy Corp.» канадалык тоо кен компаниясы жана «Entes Industrial Plants Construction & Erection Constructing Co. Inc.» түрк компаниясы Онтарионун (Канада) Жогорку сотуна Канаданын аймагында «Centerra Gold Inc.» компаниясындагы «Кыргызалтын» ААК акциясынын Уландысы

Роза Даудова тууралуу некролог
3
Үчтун айы

65 жаш курагында биздин кесиптешибиз Даудова Роза Токтосуновна дүйнө салды. Биз көп жылдар бою чогуу иштеген кесиптешибизди гана эмес, өз кесибин мыкты билген профессионал, чыныгы инсандык сапаттарга ээ болгон мыкты досубузду жоготтук. Даудова Роза Токтосуновна 1952-жылы 22-мартта Ош облусуна караштуу Эски-Ноокат айылында төрөлгөн. 1976-жылы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтун аяктап, Роза Токтосуновна эмгек жолун орто мектептердин Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун Жаңы жылдык куттуктоосу
1
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады. Төмөндө Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосунун тексти: «Кымбаттуу кыргызстандыктар! Урматтуу мекендештер! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Өтүп бараткан жылды узатып жатып, аткарылган иштерге, окуяларга саресеп салсак, Президентибиздин жарлыгы менен Тарых жана маданият жылы деп жарыяланган 2016-жыл көп жакшылыктардын, зор ийгиликтердин жылы болгонуна Уландысы

1 171 172 173
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР