Үчтун айы 2017 айынын архиви

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты «Боинг-747» авиа кырсыгынын кесепетинен каза болгондордун жакындарына жана жабыр тарткандарга жардам иретинде бир күндүк айлык маянасын которот
17
Үчтун айы

Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн  Аппаратынын кызматкерлери   «Манас» эл аралык аэропортуна жакын жерде Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу курулуш башкармалыгынын дачасында орун алган «Боинг-747» авиациялык кырсыгынын натыйжасында каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга көмөк көрсөтүү үчүн бир күндүк айлык маянасын которот. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын  маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков КР ӨКМ «Боинг-747» авиакырсыгынын натыйжасында жабыркагандарга каражат которуу үчүн бирдиктүү эсеп ачууну тапшырды
17
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-январда, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине «Боинг-747» авиакырсыгынын натыйжасында жабыркагандарга көмөк көрсөтүү үчүн акчалай каражат которуу үчүн бирдиктүү эсеп ачууну тапшырды. Мындай тапшырма Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу курулуш башкармалыгынын дачасында 16-январда орун алган «Боинг-747» авиациялык кырсыгынын натыйжасында каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жабыркагандарга көмөк көрсөтүү, кырсык кесепеттерин жоюу, кырсыктын Уландысы

КР Өкмөтү тарабынан каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жабыркагандарга көмөк көрсөтүү максатында 70 миң сомдон бөлүнөт
17
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-январда, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу курулуш башкармалыгынын дачасында 16-январда орун алган «Боинг-747» авиациялык кырсыгынын натыйжасында каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жабыркагандарга көмөк көрсөтүү, кырсык кесепеттерин жоюу, кырсыктын себептерин иликтөө маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешме авиакырсыктын натыйжасында каза болгондорду эскерүү менен башталды. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри  Мухамметкалый Абулгазиев, Кыргыз Республикасынын Уландысы

Учурда «Боинг-747» авиациялык кырсыгынын натыйжасында каза болгондордун туугандарына 31 сөөк берилди
17
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Республикалык сот-медициналык экспертиза борборуна Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу курулуш башкармалыгынын дачасында орун алган «Боинг-747» авиациялык кырсыгынын натыйжасында каза болгон 37 сөөк алынып келген. Анын ичинде 31 сөөк туугандарына өткөрүлүп берилди. Ошондой эле Республикалык өлүкканада каза болгон 6 жарандын сөөгү турат, анын ичинде үч сөөк учактын экипаж Уландысы

Кыргызстандын Чүй облусундагы «Боинг-747» авиакырсыгынын себептери ЭАК тараптан иликтенген соң корутунду берилет
16
Үчтун айы

«Чүй облусундагы «Боинг-747» авиакырсыгынын себептери ЭАК тараптан иликтенген соң корутунду берилет. Алардын жыйынтык корутундусуна ылайык, кырсыктагы тигил, же бул тараптын күнөөсү аныкталат», — деди Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри  Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 16-январда, ыкчам штабдын ишинин аралык жыйынтыгы боюнча журналисттер үчүн пресс-брифингинде.  Анын айтымында, Кыргыз транспорттук прокуратурасы учактын кыйроо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Ар-кыл мамлекеттик Уландысы

Чүй облусунда «Боинг -747» авиациялык кырсыктан жабыркагандарга гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункту уюштурулду
16
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү «Боинг -747» авиациялык кырсыгынан жабыркагандарда жардам берүү максатында гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пунктун уюштурду. Гуманитардык жардам берүүнү каалагандар төмөнкү даректерге кайрылса болот: Лебединовка айылы, Ленин көчөсү 354 «А», Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн райондук администрациясынын имараты. Жооптуу жарандардын телефондору: (0312) 60 97 40, (0555) 47 99 18, Уландысы

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова «Боинг -747» учагынын кыйроосунан жабыркагандардын абалынан кабар алды
16
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 16-январда, Бишкек шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасына барып, «Боинг -747» учагынын кыйроосунан жабыркаган бейтаптардын абалынан кабар алды. Дарыгерлердин айтымында, азыркы тапта жабырлануучулардын бардыгына убагында медициналык жардам көрсөтүлүүдө, алардын ден-соолугу канаттандырарлык. Андан соң, вице-премьер-министр Республикалык сот-медициналык экспертизалык борборуна барып, кырсыктан каза болгондордун үй-бүлөлөрү жана жакындары менен жолукту. Вице-премьер-министр окуя боюнча Уландысы

Республикалык сот-медициналык экспертизасынын өлүкканасында «Боинг-747» авиакырсыгынан мерт кеткен 15 жарандын өздүгү таанылды, анын ичинде бешөө – жаш балдар
16
Үчтун айы

Республикалык сот-медициналык экспертизасынын өлүкканасында саат 18.00гө карата бүгүн, 16-январда, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу курулуш башкармалыгынын дачасында орун алган «Боинг-747» авиациялык кырсыгынын натыйжасында каза болгон 15 сөөктүн өздүгү такталды, анын ичинде бешөө – жаш балдар. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Республикалык сот-медициналык экспертизасынын өлүкканасында авиа кырсыктын кесепетинен каза болгон 15 жарандын өздүгү таанылды. Уландысы

1 2 3 8
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР