4 Үчтун айы архиви

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик тейлөөнү электрондук форматка өткөрүү процессин тездетүүнү тапшырды
4
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-январда, Кыргыз Республикасында электрондук мамлекеттик тейлөөнү жана сервис тутумун киргизүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кыргыз Республикасында электрондук мамлекеттик тейлөөнү жана сервис тутумун киргизүү боюнча пилоттук долбоордун бетачарын Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев сунуштады. «Жарандардын мамлекеттик тейлөөгө ишенимин калыбына келтирүү, мамлекеттик башкаруу тутумунда коррупциялык Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын мэри кызмат ордуна талапкер көрсөтпөйт
4
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын мэри кызмат ордуна жеке талапкер көрсөтпөө чечимин кабыл алды. Белгилүү болгондой, “Борбордун макамы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары, фракциялар коалициясы жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлерди көрсөтүүгө укуктуу. «Мамлекетте демократиялык принциптерди мындан ары өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерин өркүндөтүү Уландысы

Онтарионун Апелляциялык соту (Канада) «Centerra Gold Inc.» канадалык компаниясынын бенефициардык менчик акциясы маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын жана «Кыргызалтын» ААК пайдасына чечим чыгарды
4
Үчтун айы

Мындан мурдараак төрт эл аралык арбитраждык териштирүүлөрдүн доочулары: «Манас Банк» ЖАК акционери В.Белоконь, «Sistem Muhendislik Insaat Sanayi ve Ticaret Anonim Sirketi» түрк компаниясы, «Stans Energy Corp.» канадалык тоо кен компаниясы жана «Entes Industrial Plants Construction & Erection Constructing Co. Inc.» түрк компаниясы Онтарионун (Канада) Жогорку сотуна Канаданын аймагында «Centerra Gold Inc.» компаниясындагы «Кыргызалтын» ААК акциясынын Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР