5 Үчтун айы архиви

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан жана Кытайдын биргелешкен аракетинин натыйжасында мамлекеттер аралык кызматташуунун бекем пайдубалы түптөлдү
5
Үчтун айы

Кыргызстан менен Кытайдын биргелешкен аракетинин натыйжасында мамлекеттер аралык кызматташуунун бекем пайдубалы түптөлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцянга өлкөлөр аралык дипломатиялык мамиленин түзүлгөндүгүнүн 25-жылдык юбилейине карата куттуктоо телеграммасында айтылат. Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун телеграммасында белгиленгендей, Кытай алгачкылардан болуп Кыргызстандан көз карандысыздыгын таанып, дипломатиялык мамилени түптөгөн. Ошондон бери Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Материалдык резервдер фондунун төрагасы Гуламжан Анарбаевди кабыл алды
5
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы  Гуламжан Анарбаевди кабыл алды. Анда Фонддун ишмердүүлүгү жана жакынкы мезгилде аткаруучу милдеттери талкууланды. Гуламжан Анарбаев маалымдагандай, мекеме тарабынан өлкө аймактарындагы үрөн сактоочу жайларды модернизациялоо, реконструкциялоо жана дебитордук карыздарды жоюу боюнча иштер активдүү жүргүзүлүүдө.  Ал белгилегендей,  бүгүнкү күндө Мамлекеттик материалдык Уландысы

Болот Жусуев Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары болуп дайындалды
5
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду. Ага ылайык, Жусуев Болот Аманович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР