12 Үчтун айы архиви

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Лейлек райондук ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна барды
12
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-январда, Баткен облусу боюнча жумушчу сапарынын жүрүшүндө Лейлек райондук ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна барды. Борбордун жетекчиси Фархад Абдалиев маалымдагандай, бүгүнкү күндө мекемеде сегиз адам иштейт. Диагностикалык борбор мал-жандыктардын ар-кыл жугуштуу ооруларына карата бактериологиялык иликтөөлөрдү жүргүзөт. Анын айтымында, финансылык каражаттардын жетишсиздигинен улам көп убакыттан бери борбордун материалдык-техникалык базасы жаңыланган Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Баткен облусундагы социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты
12
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-январда, Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Баткен районунун Ортобоз айылындагы бала бакчанын ачылыш салтанаты болуп өттү. Өкмөт башчы өлкө Президенти Алмазбек Атамбаевдин жана өзүнүн атынан тургундарды кубанычтуу окуя менен куттуктады. Ал белгилегендей, мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары катары чектеш райондорду колдоого Уландысы

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн күнүнө карата Баткен шаарында аскер кызматкерлери үчүн турак-жайларды пайдалануга берүү пландаштырылууда
12
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-январда, Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Баткен шаарындагы аскер кызматкерлери үчүн турак-жайлардын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бүгүнкү күндө 3-кабаттуу үч үйдүн курулушу жыйынтыкталып, оңдоп-түзөө иштери калган. Долбоорго ылайык, 90 квартира бүткөрүлөт, анын 36сы – бир бөлмөлүү, 36сы – эки бөлмөлүү, ал эми 18и үч бөлмөлүү квартиралар эсептелет. Объектилерди 2017-жылдын Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна эки күндүк жумушчу сапары менен барат
12
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 12-13-январда Баткен облусуна жумушчу сапары менен барат. Өкмөт башчы Баткен шаарына болгон сапарынын алкагында аскер кызматкерлери үчүн турак-жайлардын, Баткен аймактык биофабрикасынын курулушу менен таанышат, № 26-өрт коопсуздугуна каршы бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышына катышат жана Калкты тейлөө боюнча борбордун ишмердүүлүгү менен таанышат. Премьер-министр ошондой эле  Ортобоз айылындагы жаңы балдар бакчасынын ачылыш Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР