13 Үчтун айы архиви

ФОТОРЕПОРТАЖ – Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна жумушчу сапарын жыйынтыктады
13
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-январда, Баткен облусу боюнча жумушчу сапарын жыйынтыктады. Өкмөт башчы Баткен шаарына жумушчу сапарынын алкагында аймактык биофабриканын курулушунун жүрүшү менен таанышып, № 26-өрткө каршы коопсуздук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышына катышып жана Калкты тейлөө борборунун иши менен таанышты. Өкмөт башчынын Баткен облусуна жасаган жумушчу сапары Кадамжай районундагы сел алып кеткен көпүрөнүн Уландысы

Ноокат районундагы 130 га жер Өзбекстандын жаранына сатылды деген маалымат – чындыкка дал келбейт
13
Үчтун айы

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы 130 га жер тилкеси Өзбекстан Республикасынын жаранына сатылган эмес. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына кат түрүндө маалымат берди. Мындан сырткары Ноокат райондук администрация башчысы-аким Бекболот Айтиев менен Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы Жармамат Юлчиев да жер тилкеси Уландысы

Бүгүн Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйыны өттү
13
Үчтун айы

Бүгүн, 13-январда,  Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйыны  видеоконференц-байланыш режиминде өттү. Бишкекте өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин видеоконференц-байланыш режиминде өткөн  кезектеги жыйынын Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) кеңешинин 2017-жылдагы төрагасы болуп бекитилген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов өткөрдү. Евразия экономикалык  Кеңешинин жыйынына Армения, Беларусия,  Казакстан Республикасынын жана Россия  Федерациясынын өкүлдөрү жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин төрагасы Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Айкөл Манастын ысмы эли-журттун биримдиги менен тыгыз байланыштуу
13
Үчтун айы

«Айкөл Манастын ысмы эң ириде эли-журттун биримдиги жана ынтымагы менен тыгыз байланыштуу. Манас эпосунун негизги идеяларынын бири – элдердин достугу жана коомдун ыймандуулугу. Ыйман – ар кандай коомдун адилеттүү болушуна негизги шарт болуп эсептелет. Адилеттүү коомдо гана туруктуу өнүгүү орун алат», – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-январда, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы «Манастын» Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Өлкөнүн бардык аймактарында кооперативдерди түзүү жана өнүктүрүү зарыл
13
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-январда, Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кадамжай районунун Арпасай айылында жайгашкан жемиш питомнигин барып көрдү. Район акими Акрам Мадумаров аталган питомниктеги өстүрүлүп жаткан мөмө-жемиштер жана аларды өстүрүү ыкмалары тууралуу айтып берди. Ал белгилегендей, аталган питомник айыл чарба кооперативинин алкагында иш алып барууда. Премьер-министр өлкөнүн бардык аймактарында кооперативдерди түзүү Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Экологиялык жактан таза айыл чарба аймактарын кеңейтүү зарыл
13
Үчтун айы

«Экологиялык жактан таза айыл чарба аймактарын кеңейтүү жана экологиялык таза айыл чарба продукцияларын өндүрүү көлөмүн жогорулатуу зарыл», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-январда, Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында аймактык биофабриканын курулушунун жүрүшү менен таанышуу учурунда. Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Кыргызагробиоборбордун директору Жаңыбай Туманов маалымдагандай, Уландысы

2017-жылы Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарында төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өтөт
13
Үчтун айы

2017-жылы Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарында төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өтөт. Кыргыз Республикасынын вице премьер-министри Олег Панкратов тийиштүү түрдө Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Кеңешинин 2017-жылдагы төрагасы болуп бекитилген. Бул чечим тууралуу бүгүн, 13-январда, Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин видеоконференц-байланыш режиминдеги кезектеги жыйынында жарыяланды. Эскерте кетсек, 2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында өткөн Евразия экономикалык бирлигине кирген төрт мамлекет – Уландысы

Баткен шаарында КР ӨКМ өрткө каршы коопсуздук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды
13
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-январда, Баткен облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Баткен шаарындагы № 26-өрткө каршы коопсуздук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышына катышты. Өкмөт башчы белгилегендей, мамлекеттик органдардын ишин оптимизациялоо алкагында өлкөдөгү өрт кызматынын иши жакшыртылат. Натыйжада өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тутумун башкарууга, натыйжалуу жооп кайтарууга мүмкүндүк түзүлөт. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар Уландысы

1 2
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР