17 Үчтун айы архиви

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков авиациялык кырсыктын натыйжасында каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө бир жолку материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө буйрукка кол койду
17
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын  Премьер-министринин резервдик фондунан Чүй облусунун Сокулук районунда 2017-жылдын 16-январында Боинг-747 аба кемесинин авиациялык кырсыкка учурашынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө каражаттар бөлүнөт. Кыргыз Республикасынын авиациялык кырсыктан каза болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн Уландысы

Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөттүк делегациялары чек ара маселелерин чечүү боюнча конструктивдүү иштерди улантууну макулдашты
17
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бүгүн, 17- январда, Ош шаарында Өзбекстан Республикасынын  премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов баштаган делегация менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери талкууланды. Кыргыз делегациясынын курамына КР Өкмөтүнүн Аппаратынын биринчи орун басары рангындагы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлү  Курбанбай Искандаров, Уландысы

Чүй облусундагы «Боинг-747» авиакырсыгы орун алган жерде “кара ящиктин” табылышы тууралуу кечээги маалыматта катачылык кетти, учактын алгачкы “кара ящиги” бүгүн табылды
17
Үчтун айы

Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача СУ айылында «Боинг-747» учагы авиа кырсыкка учураган жайдан, кечээ, 16-январда табылган “кара ящик” учак техникасынын фрагменти экендиги аныкталды Бүгүн, издеп-куткаруу иштеринин жүрүшүндө учактын алгачкы “кара ящиги” табылган. Аталган  кара  ящиктердин маалыматтарын Эл аралык авиациялык комитеттин адистери талдоого алышат, алар  бүгүн Кыргызстанга келишкен. Учурда кырсык болгон жерде экинчи “кара ящикти” издөө Уландысы

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова «Боинга-747» авиа кырсыгынын кесепетинен ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга байланыштуу кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды
17
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова 16-январда Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача СУ айылында «Боинг-747» учагынын авиа кырсыгынын натыйжасында ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга байланыштуу кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды. Алынган маалыматтарга караганда, бүгүн, мамлекет тарабынан колдоого муктаж эки бала ата-энесинин камкордугусуз калган. Буга байланыштуу вице-премьер-министр болуп өткөн кырсыктын кесепетинен улам балдарга медициналык жардам анын ичинде психологиялык жана Уландысы

ФОТО – Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Сокулук райондук курулуш башкармалыгынын дачасынын тургундары менен жолугушту
17
Үчтун айы

«Boing-747» учагы кырсыктаган жерде кечээтен бери авариялык-куткаруу жана башка зарыл иштер боюнча ыкчам штаб иш алып барууда, анда Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев, Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиевдер үзгүлтүксүз түрдө болууда. Бүгүн, 17-январда, Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев авариялык-куткаруу жана башка Уландысы

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы «Боинг-747» авиакырсыгынын натыйжасында каза тапкан 37 адамдын тизмеси
17
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Республикалык сот-медициналык экспертиза борборунун моргуна Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу курулуш башкармалыгынын дачасында орун алган «Боинг-747» авиакырсыгы болгон жерден келип түшкөн 37 адамдын сөөгү таанылды. Каза тапкандардын тизмеси: 1. Белекова Адинай Руслановна  2010-жылы туулган 2. Жумаалы кызы Акмарал, 1991-жылы туулган 3. Осмонов Санжарбек Адыманапович, 1981-жылы туулган 4. Ибрагим Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда кичи ГЭстерди өнүктүрүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү
17
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-январда, өлкөдө кичи ГЭСтерди өнүктүрүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргызстанда ар тараптуу өнүктүрө турган суу энергетикалык чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Анын айтымында, бул кошумча кубаттуулукту түзүп, электр энегиясын колдонуудадагы күч келүүлөрдү азайтат, чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу менен электр энергиясын импорттоонун көлөмү азайып, кошумча жумуш орундары түзүлөт. Уландысы

«Боинг-747» авиа кырсыгынан каза болгон 34 жарандын сөөгү туугандарына берилди
17
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо минисрлигинин маалыматы боюнча Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна мурдараак келип түшкөн, Чүй облусунун Сокулук районунун Дачи СУ айылындагы «Боинг-747» авиа кырсыгынан каза болгон 37 жарандын сөөгүнүн өздүгү таанылды. Авиа кырсыктан кийин каза болгондордун туугандары 34 сөөктүн баарын алып кетишти. Азыркы учурда өлүкканада учактын экипажынын үч мүчөсүнүн сөөктөрү турат. Азырынча Республикалык соттук-медициналык экспертиза Уландысы

1 2 3
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР