19 Үчтун айы архиви

«Боинг-747» авиакырсыгынын себептерин иликтөө боюнча Өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрү кырсыктын натыйжасында каза болгондордун туугандарына жана жабыркагандарга көмөк көрсөтүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча иштердин жүрүшү тууралуу басма сөз жыйынын өткөрүштү
19
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев жетекчилик кылган, курамына Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев, Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов, ошондой эле ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК Башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев жана «Манас» Эл аралык Уландысы

330 миң унаа ээсинин транспортко салык төлөбөгөндүгү тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт
19
Үчтун айы

330 миң унаа ээсинин транспортко салык төлөбөгөндүгү тууралуу маалыматка тийиштүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты төмөнкүлөрдү билдирет. 20160-жылы транспортко салык төлөөнүн администрациясын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан салык төлөө фактысын тастыктаган автоунаанын айнегине атайы чаптагычтарды пайдалануунун жаңы механизми иштелип чыгып, ишке киргизилген. 2016-жылы салык 737 502 автотранспорттук каражат үчүн төлөнгөн. Автотранспорт үчүн салыктык түшүүлөрдүн суммасы Уландысы

Ыйман, адеп жана маданият жылына даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
19
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык, Ыйман, адеп жана маданият жылына даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Аталган уюштуруу комитети Кыргыз Республикасынын Президентинин “2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын аткаруу иретинде түзүлгөн. Буйрукка ылайык, уюштуруу комитетине үстүбүздөгү жылдын 5-февралына чейин Ыйман, адеп жана маданият Уландысы

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова «Боинг-747» авиа кырсыгынын натыйжасында ата-энесиз калган эки баланын абалы менен таанышты
19
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы боюнча, Чүй облусунун Сокулук районунун Дачи Су айылындагы «Боинг-747» авиа кырсыгынын натыйжасында ата-энесиз калган, учурда «Манас» айылында жакын туугандарыныкында жашап жаткан эки баланын абалы менен таанышты. Вице-премьер-министр ата-энесиз калган эки баланын психологиялык абалы менен таанышты. Ал каза болгондордун туугандарына кайрылып, орун алган кырсык жалпы Уландысы

Бүгүнкү күнгө карата Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү фонду тарабынан 637 долбоорду ишке ашыруу үчүн 175 млн АКШ доллары суммасындагы жеңилдетилген кредиттер берилген
19
Үчтун айы

Бүгүнкү күнгө карата Россия Федерациясы тарабынан бөлүнгөн 500 млн АКШ долларынан Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү фондунун линиясы боюнча 637 долбоорду ишке ашыруу үчүн 175 млн АКШ доллары суммасындагы жеңилдетилген кредиттер берилген. Бул туурасында 18-январда Кыргыз Республикасынын  Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астындагы өлкөнүн биримдиктеги пландары жана  келечектеги милдеттерин талкуулаган кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди. Уландысы

Кыйраган «Боинг-747» учагынын «кара ящиктери» Москвага чечмелөө үчүн жөнөтүлдү
19
Үчтун айы

Чүй облусунун Сокулук районунун Дачи Су айылында кыйраган «Боинг-747» учагынын «кара ящиктери» бүгүн, 19-январда, Россия Федерациясынын Москва шаарына чечмелөө үчүн жөнөтүлдү. Эл аралык авиациялык комитеттин (ЭАК) адистери авиациялык кырсыктын себептерин аныктоо үчүн учактын кутучаларынын маалыматтарын тийиштүү иликтөөдөн өткөрүшөт. Эске салсак, 16-январда «Манас» эл аралык аэропортуна жакын жерде, Чүй облусунун Сокулук районунун Дачи Су айылында «Боинг-747» Уландысы

ЕАЭБ өлкөлөрүнө сүт продукциясын экспорттоо көлөмү 2016-жылы үч эседен ашуун жогорулады
19
Үчтун айы

2016-жылы Кыргызстандан Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрүнө сүт продукциясын экспорттоо 22 миң тонн көлөмүндө болду, бул 2015-жылдын көрсөткүчүнөн үч эсеге көп (5900 тонна). Бул туурасында 18-январда Кыргыз Республикасынын  Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астындагы өлкөнүн биримдиктеги пландары жана  келечектеги милдеттерин талкуулаган кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов Уландысы

«Боинг-747» экипажынын 3 мүчөсүнүн сөөгү мекенине жөнөтүлдү
19
Үчтун айы

«Боинг-747» экипажынын 3 мүчөсүнүн сөөгү мекенине жөнөтүлдү. «200-жүк» бүгүн, 19-январда, саат 07:55те № 349-авиакаттам аркылуу Бишкек-Стамбул багытында жөнөтүлгөн. Кечээ, 18-январда, «Боинг-747» учагынын үч экипаж мүчөсүнүн сөөктөрү (Ибрагим Даранджи, Хазим Ондуна, Исхон Коша) Республикалык соттук- медициналык экспертиза борборунда таанылып, Кыргызстандагы Түркия Республикасынын элчилигинин өкүлдөрүнө мекенине жөнөтүү үчүн берилген. Эске салсак, 16-январда «Манас» эл аралык аэропортуна жакын Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР