24 Үчтун айы архиви

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Нарын облусунун Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиясына катышты
24
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2016-жылдагы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2017-жылга планын бекитүү боюнча коллегиянын ишине катышты. Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев белгилегендей, жергиликтүү бийлик, өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнө тийиштүү маселелерди чечүүдө мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланбай жатканын сынга алды. Ал облус жетекчилигин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу Уландысы

Он бир мамлекеттик органдын коомдук кеңешинин жаңы курамын шайлоо боюнча сынакка документтерди кабыл алуу мөөнөтү узартылды
24
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери тууралуу” Мыйзамына ылайык, (мындан ары – Мыйзам) Коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) коомчулук өкүлдөрүн, анын ичинде, коммерциялык уюмдардын, илимий чөйрөнүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык биримдиктердин, министрлик жана адиминистративдик ведомство ишмердүүлүгү тийиштүү тармактын эксперттик коомчулугун төмөнкү мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин жаңы курамына шайлоо үчүн сынакка Уландысы

2016-жылы Өкмөттүн Аппаратына өлкө жарандарынан 6989 кайрылуу келип түшкөн
24
Үчтун айы

2016-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына өлкө жарандарынан 6989 кайрылуу келип түшкөн. Анын 5272си – жазуу түрүндө, ал эми 1717си оозеки кайрылуу болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигинин жеке кабыл алуусунда 459 жаран кабыл алууда болгон. Негизинен келип түшкөн кайрылуулар төмөнкү маселелер боюнча: – турак-жай маселесин чечүү 470 (8,9%); – социалдык кызматтын иши, пенсия, жеңилидктер, жөлөкпулдар Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Боинг-747» авиакырсыгынын себептерин иликтөө боюнча МАК комиссиясынын төрагасы Леонид Каширский менен жолугушту
24
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Боинг-747» авиакырсыгынын себептерин иликтөө боюнча Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин (МАК) комиссия төрагасы Леонид Каширский менен жолугушту. Леонид Каширский МАК атынан кырсыктын натыйжасында орун алган адам курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты. Ал Өкмөт башчыга МАК эксперттери авиакырсык орун алган жерде кыйроонун себептерин иликтөөнүн жыйынтыктоочу баскычын жүргүзгөндүгүн жана жакын арада кыргыз коомчулугуна толук Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР