25 Үчтун айы архиви

Аймактардагы калктын социалдык-экономикалык шарттарын жакшыртуу жергиликтүү бийлик башчыларынын кесипкөйлүгүнөн көз каранды
25
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 25-январда,  Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2016-жылдагы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2017-жылга планын бекитүү боюнча коллегия жыйынына катышты. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов    аймактын экономикасын  өнүктүрүү багытында аткарылган иштер боюнча маалымат берди. Ага ылайык, 2016-жылда облуста өнөр-жай  жай продукцияларын өндүрүүнүн  Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына катышты
25
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын  вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 25-январда, Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиясынын жыйынына катышты. Жыйында 2016-жылдагы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2017-жылга планын бекитүү боюнча  маселе каралды. Иш чара  «Боинг-747» авиа кырсыгынан каза болгондорду эскерүү менен башталды. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов  аймактын экономика тармагын өнүктүрүүдө аткарылган Уландысы

Өзгөчө кырдаалдар министри, Саламаттык сактоо министри Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамагенттигинин жетекчилиги менен биргеликте Дачи-СУ айылынын тургундары менен жолугушту
25
Үчтун айы

Бүгүн, 25-январда, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамагенттигинин директору Абдыкалык Рустамовдор Дачи-СУ айылынын тургундары менен жолугушуп, «Боинг-747» авиакырсыгынын кесепеттерин жоюу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Кырсык болгон жерде КР ӨКМ куткаручулары, Экологиялык жана техникалык маминспекция өкүлдөрү иш алып барууда. Учурда кырсык болгон Уландысы

Вице-премьер-министр Олег Панкратов: Мамлекеттик соттук экспертиза борбору сот-экспертик ишмердүүлүгүн реформалоонун базалык борбору эсептелет
25
Үчтун айы

Мамлекеттик соттук экспертиза борбору сот-экспертик ишмердүүлүгүн реформалоонун базалык борбору эсептелет. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов бүгүн, 25-январда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук экспертиза борборунун жаңы имаратынын ачылыш салтанатында билдирди. «Бүгүнкү күндө Мамлекеттик соттук экспертиза борбору республикадагы жалгыз көзкарандысыз адистештирилген мекеме болуп саналат. Борбордун негизги милдети укук коргоо жана сот органдарын кылмыш Уландысы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө «Ишкердикти жүргүзүү» рейтингинде Кыргызстандын багытын жакшыртуу боюнча чаралар талкууланды
25
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн,  25-январда,  «Ишкердикти жүргүзүү» (Doing Business)  эл аралык рейтингинде Кыргызстандын багытын жакшыртуу маселеси боюнча  жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде Кыргыз Республикасынын 2017-жылга  «Ишкердикти жүргүзүү» рейтингинде позициясын жакшыртуу боюнча Пландын долбоору талкууланды. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Кыргыз Республикасынын  эл аралык рейтингде позициясын жакшыртуу маселеси өлкөгө инвестиция жана чет элдик түз инвестицияларды  тартууда Уландысы

Вице-премьер-министр Олег Панкратов: Муниципалитеттин жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн ар-бир кадамы шаардыктар жана ЖМК үчүн ачык-айкын жана түшүнүктүү болушу керек
25
Үчтун айы

Муниципалитеттин жана анын түзүмдүк подразделениелеринин ар-бир кадамы шаардыктар жана жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) үчүн ачык-айкын жана түшүнүктүү болушу керек. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов бүгүн, 25-январда, Бишкек шаардык мэриясынын коллегиялык жыйынында билдирди. Коллегияда 2016-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары чыгарылып, 2017-жылга карай планы бекитилди. Коллегиялык жыйын 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Сокулук районундагы Дачи Су айылында Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР