26 Үчтун айы архиви

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйына катышты
26
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 26-январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйына катышты. Анда аймактын 2016-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары каралып, 2017-жылга пландары бекитилди. Ошондой эле коллегияда «Тарых жана маданият жылынын» жыйынтыгы чыгарылып, 2017-жылга белгилеген маданий-агартуу иш чараларыны планы бекитилди. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, 2016-жылы Ысык-Көл облусунда өнөр жай жана айыл чарба Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: КР Өкмөтү мамлекеттик инвестицияларды натыйжалуу башкаруу боюнча ишти күчтөндүрөт
26
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-январда, 2015-2016-жылдарга мамлекеттик инвестициялар бюджетин аткаруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Премьер-министр белгилегендей, акыркы жылдары министрлик жана ведомстволор тарабынан мамлекеттик инвестициялар бюджетин начар аткаруу тенеденциясы байкалып жаткандыгы Өкмөт жана Финансы министрлигинин алдына республикалык бюджетти толук кандуу аткаруу маселесин коюуда. «Аткаруу агенттиктери тараптан инвестициялык долбоорлор алкагында бекитилген бюджеттердин аткарылбай жатышы иш Уландысы

Өкмөттө «Боинг-747» авиа кырсыгынын кесепетинен ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын кийинки тагдыры талкууланды
26
Үчтун айы

Кеңешме бүгүн, 26-январда,  Кыргыз  Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги астында өтүп, анда Чүй облусунун  Сокулук районундагы  Дачи СУ айылындагы «Боинг-747» учагынын авиа кырсыгынын кесепеттерин жоюу,  камкордуксуз калган балдардын келечек тагдыры боюнча маселе талкууланды. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри  Таалайкүл Исакунова  тийиштүү маалыматтарды берди. Бүгүнкү күндө эки бала (2010-жылы туулган Шералиев Жакшылык, 2009-жылы туулган Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Боинг-747» авиакырсыгынын кесепетин жоюу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү
26
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-январда, Чүй облусунун Сокулук районундагы Дачи СУ айылындагы «Боинг-747» авиакырсыгынын кесепетин жоюу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев, Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган Уландысы

Катардын Премьер-министри Абдуллах бин Насер бин Халифа Аль-Тани Премьер-министр Сооронбай Жээнбековго «Боинг-747» авиакырсыгына байланыштуу көңүл айтты
26
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековго Катар Мамлекетинин Премьер-министри, ички иштер министри Абдуллах бин Насер бин Халифа Аль-Тани Чүй облусунун Сокулук районунда 16-январда орун алган «Боинг-747» авиакырсыгына байланыштуу көңүл айтты. Телеграммада төмөндөгүдөй айтылат: «Катар Мамлекетинин жана жеке өзүмдүн атымдан «Манас» аэропортунан алыс эмес аймакта жүк ташуучу учактын кыйрашынын натыйжасында каза болгондордун кайгы жутуп турган үй-бүлөсүнө жана Уландысы

Монголиянын Премьер-министри Жаргалтулгын Эрдэнэбат Премьер-министр Сооронбай Жээнбековго «Боинг-747» авиакырсыгына байланыштуу көңүл айтты
26
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековго Монголиянын Премьер-министри Жаргалтулгын Эрдэнэбат Чүй облусунун Сокулук районунда 16-январда орун алган «Боинг-747» авиакырсыгына байланыштуу көңүл айтты. Телеграммада төмөндөгүдөй айтылат: «Бишкеккке жакын аймактагы жүк ташуучу учактын кыйрашына байланыштуу көптөгөн адам курмандыктары орун алган кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Монголия Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу Уландысы

Грузиянын Премьер-министри Георгий Квирикашвили Премьер-министр Сооронбай Жээнбековго «Боинг-747» авиакырсыгына байланыштуу көңүл айтты
26
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековго Грузиянын Премьер-министри Георгий Квирикашвили Чүй облусунун Сокулук районунда 16-январда орун алган «Боинг-747» авиакырсыгына байланыштуу көңүл айтты. Телеграммада төмөндөгүдөй айтылат: « Сокулук районунун Дачи-СУ айылынын тургундарынын кырсыктан курман болгондугу тууралуу кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Гузин элинин атынан каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз». Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Уландысы

Армениянын Премьер-министри Карен Карапетян Премьер-министр Сооронбай Жээнбековго «Боинг-747» авиакырсыгына байланыштуу көңүл айтты
26
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековго Армениянын Премьер-министри Карен Карапетян Чүй облусунун Сокулук районунда 16-январда орун алган «Боинг-747» авиакырсыгына байланыштуу көңүл айтты. Телеграммада төмөндөгүдөй айтылат: «Чүй облусунда «Манас» эл аралык аэропортуна жакын жайгашкан жерде жүк ташуучу учактын кыйрашына байланыштуу көптөгөн адам курмандыктары менен коштолгон кабарды кайгыруу менен каыл алдым. Бул кайгылуу учурда Армения Өкмөтүнүн жана жеке Уландысы

1 2
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР