30 Үчтун айы архиви

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча социалдык чөйрөдөгү бир катар көйгөйлөрдү атады
30
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова бүгүн, 30-январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча социалдык чөйрөдөгү бир катар көйгөйлөрдү атады. Чолпон Султанбекова белгилегендей, өткөн жылы республика боюнча 76 мектеп пайдаланууга тапшырылып, 100 мектеп капиталдык ремонттон өткөрүлгөн. Бүгүнкү күндө билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Өткөн жылы 620 мектеп Интернет байланышына туташтырылды. Быйылкы Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 2016-жылга укук коргоону чыңдоо жана өнүктүрүү иши боюнча жана чек ара аймагындагы кызматташтыктыкты өнүктүрүүдөгү коомдук-саясий кырдаал жөнүндө маалымат берди
30
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 30-январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктарын караган жыйынында, 2016-жылга укук коргоону чыңдоо жана өнүктүрүү иши боюнча жана чек ара аймагындагы кызматташтыктыкты өнүктүрүүдөгү коомдук-саясий кырдаал жөнүндө маалымат берди. Вице-премьер-министр маалымдагандай, өткөн жылы укук коргоо органдар тутумун реформалоо алкагында бир катар маанилүү иш чаралар аткарылган. «Баңги заттарды көзөмөлдөө мамлекеттик Уландысы

Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча оңдуу көрсөткүчтөр менен чыкты, ИДП 2,7%дык өсүүсү болжолдонуп, иш жүзүндө ал 3,8% түздү
30
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча оңдуу көрсөткүчтөр менен чыккандыгын белгиледи. ИДП өсүүсү 2,7%дык деңгээлде болжолдонуп, иш жүзүндө 3,8% түздү, экономиканын дээрлик бардык тармагы болжолдуу көрсөткүчтөргө жетишип, айрымдары андан жогору көрсөткүчкө ээ болду: – өнөр жай – 5,2%, – айыл чарба – 3,0 Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: Өкмөт 2016-жылы стратегиялык демилгелерди ыкчам чечүүгө жана тиешелүү ишти жөнгө салууга жетишти
30
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2016-жылы стратегиялык демилгелерди ыкчам чечүүгө жана тиешелүү ишти жөнгө салууга жетишти. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев билдирди. Ал «Арзан турак жай 2015-2020» программасына токтолду. Учурда 703 үй-бүлөгө насыя берилип, үстөк пайызы 12-10% төмөндөтүлдү. Программанын тизмесинде миңдеген жарандар кезекте турушат. Мындан сырткары республиканын бардык Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине мектептерди куруунун бирдиктүү типтүү стандартка келтирүү талабын койду
30
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба  мамлекеттик агенттигинен республикада салынып жаткан мектептердин бирдиктүү типтүү стандартка ылайык  келтирилишин жана сапаттуу болушун талап кылды. Өкмөт башчы мамлекеттик агенттиктин 2016-жылдагы ишинин жыйынтыгын сынга алып, көптөгөн социалдык обьектилер, айрыкча мектептер сапаты жагынан стандартка Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Балыкчы – Корумду автожолунун курулушунун башталыш тарыхын эске салды
30
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-январда, «Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын январь-декабрь айы үчүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу» маселесин караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынынын жүрүшүндө Балыкчы – Корумду автожолунун курулушунун башталышынын тарыхын эске салды. “Узундугу 104 км түзгөн “Балыкчы-Корумду” жолунун курулушу каржылоо булагы аныкталбастан башталган, анда анын себебин курулуш “Альфа Телеком” ЖАК сатуудан түшкөн каражаттын Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн 2016-жыл жыйынтыгы боюнча ишин сынга алды
30
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-январда, 2016-жыл үчүн өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча маселеси каралган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин сынга алды. Сооронбай Жээнбеков аймактардын социалдык-экономикалык абалын жогорулатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн милдетин ишке ашыруу боюнча жер-жерлерде жүргүзүлгөн ишти начар деп баалады. Тактап айтканда, Премьер-министр инвестицияларды тартуу, объектилердин Уландысы

Фоторепортаж – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2016-жылдын жыйынтыгын чыгарууда
30
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн, 30-январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтүүдө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын январь-декабрь айы үчүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу» маселесин кароодо. Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев, вице-премьер-министрлер Олег Панкратов, Чолпон Султанбекова, Жеңиш Разаков жана экономика министри Арзыбек Кожошевдер баяндама жасашты. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

1 2
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР