31 Үчтун айы архиви

Өзгөчө кырдаалдар министри, Саламаттык сактоо министри жана Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дачи СУ айылынын тургундары менен жолугушуп, аларды түйшөлткөн суроолорго жооп беришти
31
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы боюнча бүгүн, 31-январда, Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев жана Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергеновдор Дачи СУ айылынын тургундары менен жолугушуп, аларды түйшөлткөн суроолорго жооп беришти. Өзгөчө кырдаалдар министри мамлекет тараптан берилчү тийиштүү көмөк толук көлөмдө берилерине ишендирип, жабыркагандардын тынчсыздануусуна негиз жок Уландысы

2017-жылы курулушу токтоп калган социалдык обьектилерди бүтүрүүгө басым жасалат
31
Үчтун айы

Бүгүн, 31-январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева 2016-жылдагы  республика боюнча мектептердин курулушу жана 2017-жылга социалдык обьектилерди куруу боюнча маалымат-жыйын беришти. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев  маалымдагандай, быйылкы жылы курулушу Уландысы

ФОТОРЕПОРТАЖ —«Капиталдык салым» беренеси боюнча 2016-жылы курулган мектептер жана 2017-жылга жаңы социалдык объектилерди куруу боюнча милдеттер» боюнча басма сөз жыйыны
31
Үчтун айы

ФОТОРЕПОРТАЖ — Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевдин «Капиталдык салым» беренеси боюнча 2016-жылы курулган мектептер жана 2017-жылга карата жаңы социалдык объектилерди куруу боюнча милдеттер» боюнча басма сөз жыйыны. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Өкмөттө Ыйман, адеп жана маданият жылын өткөрүү боюнча иш-чаралар планы талкууланды
31
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн, 31-январда, Ыйман, адеп жана маданият жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны болуп өттү. Өкмөт башчы эскерткендей, 2016-жылы өткөрүлгөн Тарых жана маданият жылындагы иш-чаралар жогорку мамлекеттик жана эл аралык масштабда өз деңгээлинде белгиленди. «Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгына ылайык. 2017-жыл – Ыйман, адеп жана маданият жылы деп Уландысы

«Дордой» соода комплексиндеги сооданын төмөндөшү сезондук мүнөзгө ээ
31
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты «Дордой» соода-рынок комплексинин аймагында жайгашкан 18 миң контейнердин 6 миңи соода азайгандыгына байланыштуу жабылгандыгы тууралуу маалыматка түшүндүрмө берет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын статистикалык маалыматтарына ылайык, 2015-жылы «Дордой» базарындагы соода ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ишкерлерге 125 542 ыктыярдуу патент берилсе, 2016-жылы 119 764 патент берилген. Берилген ыктыярдуу патенттердин санынын азаюусу жана «Дордой» базарындагы Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: 2017-жылы Өкмөттүн социалдык саясаты адамды, үй-бүлөнү колдоого жана мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин камсыздоого багытталат
31
Үчтун айы

2017-жылы Өкмөттүн социалдык саясаты адамды, үй-бүлөнү колдоого жана мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин камсыздоого багытталат, – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков дүйшөмбүдө, 30-январда, Өкмөттүн жыйынында. Ал социалдык чөйрөнүн негизги милдеттери– сапаттуу жана арзан саламаттык сактоо, заманбап жеткиликтүү билим берүүнү камсыздоо, улуттук маданият жана спортту өнүктүрүү, жарандарга жеткиликтүү турак-жай, киреше алууга шарт түзүү жана алардын социалдык Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Кылмыштуулуктун алдын алуунун мамлекеттик бирдиктүү тутумун түзүү зарыл
31
Үчтун айы

«Укук коргоо органдарынын системасын, баарынан мурда уюшкан кылмыштуулукка жана терроризмге каршы күрөшүү структураларын реформалоону тездетүү зарыл», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков дүйшөмбүдө, 30- январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында. «Кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик тутумду түзүү зарыл, биринчи кезекте жашы жете электердин арасында жана башка укук бузуулар, укук коргоо тармагындагы өткөрүлгөн иш Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Өкмөт аймактарды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүсү зарыл, ал эми аймактар мында эң активдүү ролду ойношу тийиш
31
Үчтун айы

«Сиздерде ыйгарым укук жетиштүү, аларды пайдалана билүү зарыл. Аймактык бийликтин министрлик жана ведомстволор менен ошондой эле аймактар аралык өз-ара ракеттешүүсү начар болууда. Аймактык бийлик жергиликтүү бизнес жана калк менен ишти активдештирүүсү керек. Аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги максаты калк турмушунун сапатын жакшыртуу болуп саналат. Бул үчүн тармактардын өнүгүүсү, чет элдик жана ички инвеситицияларды тартуу, жаңы ишканаларды Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР