Бирдин айы 2017 айынын архиви

Вице-премьер-министр Олег Панкратов: Биз Франция менен өнөр жай, жогорку технология жана туризм тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарбыз
28
Бирдин айы

Биз Франция Республикасы менен өнөр жай, жогорку технология жана туризм тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарбыз, —деди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Микаэль Ру менен болгон жолугушууда. «Биз Франциянын ири копаниялары тарабынан инвестицияга кызыкдарбыз. Республика 185 миллиондой калк жашаган Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүгүн эске алганда, Франциянын компанияларында өз продукцияларын сунуштоого Уландысы

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова БУУ Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү аялдар боюнча аймактык түзүмдүк директору Ингиборг Солрун Гисладоттир менен жолугушту
28
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 28- февралда, БУУ Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү аялдар боюнча аймактык түзүмдүк директору Ингиборг Солрун Гисладоттир менен жолугушту. Вице-премьер-министр белгилегендей, Өкмөт тарабынан гендердик теңчилик боюнча ырааттуу саясат жүргүзүлүүдө. «Кыргызстан постсоветтик өлкөлөрдүн арасында биринчилерден болуп, «Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликти камсыз кылуунун мамлекеттик кепилдигинин негизи жөнүндөгү» мыйзамды кабыл алган. Анда парламентке Уландысы

Кыргызстанга Россия Президенти Владимир Путин расмий визит менен келди
28
Бирдин айы

Бүгүн, 28-февралда Кыргыз Республикасына Россия Федерацясынын Президенти Владимир Путин расмий визит менен келди. «Манас» эл аралык аэропортунан Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

«Рынокко жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу» долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу 2 миңге жакын жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет
28
Бирдин айы

«Рынокко жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу» долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу  2800 туруктуу жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңештин жыйынында билдирди. «Айыл чарбасы атамекендик экономиканын алдыңкы тармагы болуп саналат, айыл чарбасын өнүктүрүү  Эл аралык фондунун каржылоосу менен  «Рынокко жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу» долбооруна  чоң Уландысы

ФОТОРЕПОРТАЖ- «Жаз мезгилинде өзгөчө кырдаалдарда алдын ала эскертүү » темасындагы маалымат жыйыны
28
Бирдин айы

ФОТОРЕПОРТАЖ- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун катышуусунда  «Жаз мезгилинде өзгөчө кырдаалдарда  алдын ала эскертүү» темасындагы  маалымат жыйыны.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

КР Өкмөтү, КР Профсоюздар Федерациясы жана республикалык иш берүүчүлөр бирикмеси ортосунда 2017-2019-жылдарга Башкы келишим түзүлдү
27
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө бүгүн, 27-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Профсоюздар Федерациясы жана республикалык иш берүүчүлөр бирикмеси ортосунда 2017-2019-жылдарга Башкы келишимге кол коюу аземи болуп өттү. Кол коюу аземинин жүрүшүндө белгиленгендей, 2017-2019-жылдарга карата аталган келишим социалдык-эмгектик жана ага байланыштуу экономикалык мамилелерди жөнгө салуунун негизги маселелери боюнча макулдашылган чараларды ишке ашырууга мүмкүндүк берет: Аталган документ Уландысы

Физика-математика илимдеринин доктору, профессор Мурзабек Иманалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду
27
Бирдин айы

Бүгүн, 27-февралда, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, ССРдин жана Кыргыз ССРнин илимдер академияларынын мүчө-корреспонденти Мурзабек Иманалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Калыкбек Султанов, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев, Казакстандын илимдер академиясынын математика институтунун директору Тыныспек Калманов, Ж.Баласагын атындагы Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Нарын облусунда бир катар социалдык объекттердин абалы менен таанышты
27
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Нарын облусуна жумушчу сапары менен барып, бир катар социалдык объекттердин абалы менен таанышты. Мухамметкалый Абулгазиев Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылындагы Байымбет атындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жергиликтүү тургундарды жаңы имараттын ачылышы менен куттуктап, окуучуларга компьютердик жабдууларды тапшырды. Мектептин жаңы имараты Ат-Башы районундагы Талды-Суу айылында Уландысы

1 2 3 17
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР