2 Бирдин айы архиви

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархат Бекманбетовго сөгүш жарыялады
2
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, коюлган милдеттерди аткара албагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархат Бекманбетовго сөгүш жарыялады. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Тынарбек Супатаев Кемин районунун акими кызматынан бошотулду
2
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-февралда буйрукка кол койду. Ага ылайык, Супатаев Тынарбек Усубалиевич берген арызына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Нурак Качкынбаев Манас районунун акими кызматынан бошотулду
2
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-февралда буйрукка кол койду. Ага ылайык, Качкынбаев Нурак Шайлооканович берген арызына байланыштуу  Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас  райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Аманкан Кенжебаев Сокулук районунун акими кызматынан бошотулду
2
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-февралда буйрукка кол койду. Ага ылайык, Кенжебаев Аманкан Батырбекович берген арызына байланыштуу  Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Өмүрбек Текебаевдин ЕЭКтеги ар-кыл кызматтарга дайындалган Кыргызстан жарандарына тийиштүү маалымат чындыкка жатпайт
2
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбек Текебаевдин Евразиялык экономикалык комиссиядагы ар-кыл кызматтарга дайындалган Кыргызстан жарандарына тийиштүү маалымат чындыкка жатпайт. Тактап айтканда, Данияр Турусбеков КР Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгынын башкаруучусу Туруспек Коеналиевдин уулу болуп саналбайт. ЕЭК протоколдор департаментинин директору болуп дайындалган Данияр Турусбеков Чыгыш-Жер ортолук деңиз университетин (Кипр), Кыргыз Республикасынын Президентике караштуу Башкаруу академиясын жана Уландысы

Чынара Мамидинова Юстиция министрлигинин статс-катчысы кызматынан бошотулду
2
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык буйрукка кол койду. Ага ылайык, Мамидинова Чынара Кудайбердиевна Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы кызматынан бошотулду. Белгилүү болгондой, ага Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин 2017-жылдын 30-январындагы сунушу негиз болгон. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

ФОТОРЕПОРТАЖ – Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков парламентте Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуу жыйынтыктары тууралуу маалымат берүүдө
2
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-февралда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынына катышууда. Жыйында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, Жогорку Кеңеш депутаттарынын суроолоруна жооп берүүдө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков парламентке Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуу жыйынтыктары тууралуу маалымат берди
2
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-февралда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Төмөндө Өкмөт башчынын «Кыргыз Республикасынын ЕАЭБдеги  интеграциясынын негизги жыйынтыктары» баяндамасынын текстин келтиребиз: «Урматтуу Төрага! Урматтуу депутаттар! Евразия экономикалык бирлигине кирип жатып, биз  товарлардын, капиталдын, кызмат көрсөтүүнүн жана  жумушчу күчүнүн эркин жүрүүсүн максат кылганбыз. Уландысы

1 2
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР