3 Бирдин айы архиви

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова: Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин негизги багыттарынын бири -жаштар менен иштөө болушу керек
3
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова бүгүн, 3-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин коллегия жыйынына катышты. Вице-премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күндө дене тарбия жана спорт тармагын өнүктүрүү балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугунун бекемдөө менен тыгыз байланышкан. Дене тарбиясы инсанды калыптандырууда коомдун заманбап өнүгүүсүнүн деңгээлин чагылдырат. Чолпон Султанбекова спорт тармагынын Уландысы

Бүгүнкү күндө «Боинг-747» авиакырсыгынан жабыркаган 11 үй-бүлөгө убактылуу жашоо үчүн турак-жай берилген
3
Бирдин айы

2017-жылдын 3-февралынын саат 18.00 карата Чүй облусунун Сокулук районунда орун алган «Боинг-747» авиакырсыгынан жабыркаган 11 үй-бүлөгө Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагынан убактылуу жашоо үчүн турак-жай берилген. Белгилүү болгондой, жабыркагандар көчүрүлгөн бардык квартираларда жашоого керектүү бардык шарттар каралган (эмерек, турмуш тиричидик техникасы, жылытуу тутуму). Натыйжада, мамлекет эсебинен 11 үй-бүлө убактылуу турак-жай менен камсыздалган. Ошондой эле Уландысы

ЕЭК түзүмдөрүндө иштеген Кыргызстандын жарандары уюмда бекитилген жалпы эрежелер боюнча тандалган
3
Бирдин айы

Евразиялык экономикалык комиссиянын түзүмдөрүндө ар-кыл кызматтарда иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары боюнча ЖМК түшкөн суроолорго байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты төмөнкүлөрдү маалымдайт. Евразиялык экономикалык комиссия (ЕЭК) – 9 коллегиядан (министрден) турган үзгүлтүксүз иштөөчү Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) жогорку жөнгө салуучу органы. Коллегия мүчөлөрү 4 жылдык мөөнөткө ыйгарым укугун узартуу мүмкүндүгү менен дайындалат. Бардык министрлер Евразиялык Уландысы

Бүгүнкү күндө «Боинг-747» авиакырсыгынан жабыркаган 8 үй-бүлөгө убактылуу жашоо үчүн турак-жай берилген
3
Бирдин айы

2017-жылдын 3-февралына карата Чүй облусунун Сокулук районунда орун алган «Боинг-747» авиакырсыгынан жабыркаган 8 үй-бүлөгө Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагынан убактылуу жашоо үчүн турак-жай берилген. Белгилей кетчү нерсе, «Семетей» мейманканасында калган үч үй-бүлө жакынкы арада турак-жайларга көчүрүлөт. Жабыркагандар көчүрүлгөн бардык квартираларда жашоого керектүү бардык шарттар каралган (эмерек, турмуш тиричидик техникасы, жылытуу тутуму). Натыйжада, мамлекет тараптан Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ички иштер орган кызматкерлерине бир катар өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды
3
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-февралда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коллегиялык жыйынында 2016-жыл жыйынтыгы боюнча ишинен өзгөчөлөнгөн милиция кызматкерлерине бир катар өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды. Өкмөт башчы белгилегендей, милиция кызматкерлеринин натыйжалуу жана кесипкөйлүк менен аткарылган иши баалануга татыктуу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды: – Анарбекова Айпери – Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2017-жылга карата ИИМ алдындагы негизги милдеттерди атады
3
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-февралда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коллегиясында ведомство алдындагы 2017-жылга карата негизги милдеттерди атады. Ал белгилегендей, негизги милдеттер катары Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тутумун реформалоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгында каралган иш-чаралар эсептелет. Сооронбай Жээнбеков ошондой эле ички иштер органдарынын ишин оптимизациялоо, ИИМ борбордук аппаратынын санын Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков балдардын жана өспүрүмдөрдүн жашоосуна коркунуч туудурган виртуалдык оюндардын интернет мейкиндикте жайылтылышы маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү
3
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-февралда, балдардын жана өспүрүмдөрдүн жашоосуна коркунуч туудурган виртуалдык оюндардын интернет мейкиндикте жайылтылышы маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы алдын алуу чараларын күчтөндүрүү, анын катарында ата-энелер жана балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. Сооронбай Жээнбеков бардык тийиштүү мамлекеттик органдардын, жарандык коомчулуктун, ата-энелердин аталган оюндардын жайылтылышына жол бербөө үчүн күч-аракетин Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө жана экспортко багытталган айыл чарба өндүрүшүнө 6% жылдык үстөгү менен насыя берилет
3
Бирдин айы

Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө жана экспортко багытталган айыл чарба өндүрүшүнө 6% жылдык үстөгү менен насыя берилет. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Айыл чарбасын каржылоо – 5» долбоорун талкуулоо боюнча жумушчу кеңешмеде билдирди. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков эскерткендей, мурдараак «Айыл чарбасын каржылоо – 4» долбоорунун алкагында айыл чарба жаатында алектенген ишкерлер үчүн пайыздык Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР