7 Бирдин айы архиви

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: 2017-2026-жылдарга ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасы суу ресурстарын эффективдүү пайдалануу маселесин чечет
7
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-январда, Кыргыз Республикасында 2017-2026-жылдарга ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасы боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Өкмөт башчы аталган программанын маанилүүлүгүн белгилеп, ал Кыргызстандагы суу ресурстарын эффективдүү чечүүдө негизги багыт болуп саналарын кошумчалады. «Ирригацияны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен, суу чарба тармагындагы инвестициялык долбоорлорго татыктуу көңүл бурулуш керек. Аталган программа комплекстүү проблемаларды чечүүгө, Уландысы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алкоголдук продукциянын жүгүртүлүшүн көзөмөлгө алууну күчөтөт
7
Бирдин айы

Мурдараак маалымдалгандай, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине алкоголдук продукциянын жүгүртүлүшүн көзөмөлгө алууну жана мамлекеттик жөнгө салуу боюнча функциясын ишке ашыруу боюнча ченемдик-укуктук актыларды ыкчам тартипте талапка ылайык келтирүү, бирдиктүү мамлекеттик автоматташтырылган тутумду ишке киргизүүнү тездетүү тапшырмасын берген. Аталган тапшырма Өкмөттүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР