9 Бирдин айы архиви

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ичүүчү суу менен камсыздоону жакшыртуу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруудагы бир катар көйгөйлөрдү белгиледи
9
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында ичүүчү суу менен камсыздоону жакшыртуу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруудагы бир катар көйгөйлөрдү белгиледи. Өкмөт башчы белгилегендей, жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу жаатында чечилбеген маселелер бар. 390 айылда таза суу маселеси чечилген эмес, мында көптөгөн суу түтүктөрү Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жазгы-талаа жумуштарын тийиштүү агротехникалык мөөнөттөрдө өткөрүүнү тапшырды
9
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында тийиштүү мамлекеттик органдарга 2017-жылкы жазгы-талаа жумуштарын бекитилген агротехникалык мөөнөттөрдө өткөрүүнү тапшырды. Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күнгө карата кээ бир региондордо жазгы талаа жумуштарына даярдыктарды көрүүдө айрым багыттар боюнча артта калуучулуктар байкалып жатат. «Азыркы учурда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айрым түрлөрү боюнча үрөндөр менен начар камсыз Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: 2017-жылы айыл жериндеги ичүүчү суу секторуна республикалык бюджеттин эсебинен 200 млн сомго жакын каражат бөлүү каралууда
9
Бирдин айы

2017-жылы айыл жериндеги ичүүчү суу секторуна республикалык бюджеттин эсебинен 200 млн сомго жакын каражат бөлүү каралууда. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында билдирди. Өкмөт башчы белгилегендей, калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу – Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясындагы социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири. «Өкмөт акыркы Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Өлкөнүн агрардык сектору ЕАЭБге экономикалык интеграциялашуу процессинде маанилүү багыттардан болуп саналат
9
Бирдин айы

«Өлкөнүн агрардык сектору ЕАЭБге экономикалык интеграциялашуу процессинде маанилүү багыттардан болуп саналат», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-февралда, 2017-жылкы жазгы-талаа жумуштарына даярдык маселеси каралган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри  Нурбек Мурашев маалымдагандай, ведомство тарабынан жазгы-талаа жумуштарына даярдык көрүүдө айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча бардык аймактардын Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: Айыл чарба тармагында эски отчеттор менен эмес, жаңы пландар менен иш алып баруу зарыл
9
Бирдин айы

Айыл чарба тармагында эски отчеттор менен эмес, жаңы пландар менен иш алып баруу зарыл. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2016-жылды жыйынтыктаган коллегиясында билдирди. Биринчи вице-премьер-министр тармактын ишин сынга алып, азыркы заманбап ыкма менен иш алып баруу керектигин эскертти. «Азыркы тапта айыл чарба Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР