11 Бирдин айы архиви

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен Польшанын министрлер кеңешинин төрагасы Беате Шидло эки өлкө ортосундагы дипломатиялык кызматташуунун 25 жылдык юбилейине байланыштуу куттуктоо телеграммалары менен алмашышты
11
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен Польшанын министрлер кеңешинин төрагасы Беате Шидло эки өлкө ортосундагы дипломатиялык кызматташуунун 25 жылдык юбилейине байланыштуу куттуктоо телеграммалары менен алмашышты. Сооронбай Жээнбековдун телеграммасында айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Польша менен достук жана өз ара кызматташууну өнүктүрүү мамилелерине эки тараптуу негизде да, эл аралык уюмдардын алкагында да чоң маани берет. «Ишенем, биздин Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: Авиа кырсыктын кесепетинен келтирилген чыгымдарды калыбына келтирүү боюнча түрк тарап менен сүйлөшүүлөр уланууда
11
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда  болгон «Боинг-747» авиа кырсыгынын себептерин иликтөө боюнча өкмөттүк комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрдү. Мухамметкалый Абулгазиев белгилегендей, авиа кырсыктын кесепетинен келтирилген чыгымдарды калыбына келтирүү боюнча түрк тарап менен сүйлөшүүлөр уланууда. Бүгүнкү күндө авиа кырсыктан жабыркаган 12 үй-бүлө Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагына бардык шарты бар Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР