15 Бирдин айы архиви

Шухрат Сабиров Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды
15
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык, Сабиров Шухрат Маматалиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Өкмөттө автотранспорт каражаттарын каттоо маселеси талкууланды
15
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы №704 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомуна ылайык, үчүнчү мамлекеттен (ЕАЭБ өлкөлөрүнөн эмес) киргизилген автотранспорт каражаттарын каттоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы эскерткендей, Бажы биримдигинин «Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламенти үчүн бекитилген өткөөл мезгил Уландысы

«Дордой» базарындагы 6 миң контейнердин соода азайгандыгына байланыштуу жабылуусу тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт
15
Бирдин айы

«Дордой» базарындагы 6 миң контейнердин соода азайгандыгына байланыштуу жабылуусу тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт», – деп билдирди бүгүн, 15-февралда, «Дордой» соода-рынок комплексинин профсоюздук комитетинин төрагасы Дамира Дөлөталиева «ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык процесстер» Эл аралык форумундагы талкуунун жүрүшүндө. «Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында мындан бир ай мурда пайда болгон «Дордой» базарындагы 6 миң контейнердин соода азайгандыгына байланыштуу Уландысы

Кыргыз товарларын экспорттоо 2016-жылы 5,1%га өсүп, анын көлөмү 1 млрд 544,6 млн АКШ долларын түздү
15
Бирдин айы

Кыргыз товарларын экспорттоо 2016-жылы 5,1% өсүп, $1 млрд 544,6 млн АКШ долларын түздү, – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков бүгүн, 15-февралда, «ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык процесстер» Эл аралык форумунда. «Кыргыз товарларын экспорттоо 2016-жылы 5,1%га өсүп, $1 млрд 544,6 млн АКШ долларын түздү. Ошол эле учурда 2015-жылы экспорт көлөмү 22%га кыскарган. Кыргыз Уландысы

Вице-премьер-министр Олег Панкратов: ЕАЭБге кирүү менен биз дүйнөлүк соодада өз ордубузду табуу мүмкүндүгүн камсыздадык
15
Бирдин айы

«Биз глобалдык соода шакекчесин уюштуруудан четте калбастан, ЕАЭБге кирүү менен дүйнөлүк соодада өз ордубузду табуу мүмкүндүгүн камсыздадык», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов бүгүн, 15-февралда, «ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык процесстер» Эл аралык форумунда. Олег Панкратов белгилегендей, кандайдыр-бир интеграциялык бирикмелерге кирбеген өлкөгө бир нече бириккен мамлекеттердин экономикалык жана саясый кубатына каршы турган «жалгыз-аутсайдер» болууга туура Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР