16 Бирдин айы архиви

Чүй облусундагы КР Өкмөтүнүн өкүлчүлүгү маалымдайт: «Боинг-747» авиакырсыгынын натыйжасында жабыркагандарга гуманитардык көмөк ырааты менен жеткирилүүдө
16
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппараты Чүй облусунун Сокулук районундагы «Дача СУ» айылында орун алган  «Боинг-747» авиакырсыгынын натыйжасында жабыркагандарга калктан түшүп жаткан гуманитардык көмөктү ырааты менен жеткирүүдө. Бүгүнкү күндө Өкмөт тарабынан берилген квартираларда убактылуу жашап жаткан 12 жабыркаган үй-бүлөгө күнүмдүк керектелүүчү буюм-тайымдар жана азык-түлүк берилген. Мындан тышкары, каза болгондордун туугандары алардын кырк ашын өткөрүүгө Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуудан максималдуу пайда табуусу керек
16
Бирдин айы

«Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуудан максималдуу пайда табуусу керек. Премьер-министр катары мен Кыргызстандын ЕАЭБге интеграцияланышы алкагында Өкмөт ишиндеги негизги артыкчылыктуу багыт катары Казакстан менен чектешкен көзөмөлдөө-өткөрүү пункттарын модернизациялоо жана реконструкциялоо, ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды эл аралык талаптарга дал келтирүү ишин койгом. Бул иш-чаралар экспортко багытталган атамекендик ишканалар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана колдоого багытталган», – деп Уландысы

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча Байкоочу кеңештин жыйынын өткөрдү
16
Бирдин айы

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекованын төрагалыгы астында Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча Байкоочу кеңештин жыйыны өттү. Жыйында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2016-жылкы ишинин жыйынтыгы тууралуу отчету угулуп, 2017-2020-жылдарга карата Фонддун Өнүгүү стратегиясы сунушталды. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Марат Калиев маалымдагандай, 2016-жыл жыйынтыгы боюнча алгачкы медико-санитардык көмөк көрсөтүү деңгээлинде, тактап айтканда, Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР