17 Бирдин айы архиви

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: Токойлордун мыйзамсыз кыйылышына бөгөт коюу зарыл
17
Бирдин айы

Республика боюнча токойлордун мыйзамсыз кыйылышына бөгөт коюу зарыл. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин 2016-жылды жыйынтыктаган коллегиясында билдирди. Биринчи вице-премьер-министр тармактагы жетишкендиктер менен катар кемчиликтерге да токтолуп, климаттык өзгөрүүнү эске алуу менен экология маселесинин маанилүүлүгүн баса белгиледи. «Токой дарактарын жыл Уландысы

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова: Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине ведомство алдына коюлган максат-милдеттерди аткарууда тутумдук мамилени иштеп чыгуу зарыл
17
Бирдин айы

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова бүгүн, 17-февралда, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты. Вице-премьер-министр белгилегендей, Өкмөт үчүн социалдык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо маселеси мамлекеттик деңгээлдеги комплекстүү чечимди, министрлик жамаатынын ыраттуу ишин талап кылган негизги артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат. «Өкмөт жакырчык деңгээлин төмөндөтүү, кыйын жашоо шартында калган үй-бүлөлөргө жана балдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген Уландысы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү салык кызматынын ишинде олуттуу жылыштарды күтөт
17
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү салык кызматынын ишинде олуттуу жылыштарды күтөт, – деп билдирди Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2016-жыл жыйынтыгы жана 2017-жылга карата милдеттери боюнча өткөрүлгөн коллегиялык жыйынында. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2016-жылкы жыйынтыктары тууралуу маалыматты Мамлекеттик салык кызматынын төрага орун басары Кубанычбек Кумашов сунуштады. Уландысы

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кызматкерлеринин аткаруучулук тартибин жогорулатууга чакырды
17
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 17-февралда, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2016-жыл жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйынына катышты. Чолпон Султанбекова белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маданият тармагын өнүктүрүү боюнча Программасы бекитилгендигине карабастан, бүгүнкү күнгө дейре анын Планы жана стратегиясы иштелип чыккан эмес. Мындан тышкары, эки жылдан бери «Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонддору жөнүндө» Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Маммүлктү башкаруу фондуна мамлекеттик ишканалардын ишин оптимизациялоо жана инвентаризациялоо боюнча ишти жыйынтыктоону тапшырды
17
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Болсунбек Казаковду кабыл алды. Анда ведомствонун мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу, башкаруу жана менчиктештирүүнү камсыздоо боюнча учурдагы иши жана жакынкы арадагы пландары, ошондой эле мамлекеттик менчикти пайдалануу жана башкаруу саясатын ишке ашыруу маселеси талкууланды. Фонд төрагасы Болсунбек Казаков маалымдагандай, Уландысы

Вице-премьер-министр Жениш Разаков Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов менен чек ара кызматташтыгы маселесин талкуулады
17
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков 2017-жылдын 15-февралында Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов менен өлкөлөр ортосундагы чек ара кызматташтыгы маселесин талкуулоо үчүн жолугушту. Өкмөттүк делегациялардын жолугушуусу Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарында орун алды. Жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулады. Кыргыз делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары рангындагы, Кыргыз Уландысы

Москва шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-россиялык комиссиясынын 19-кеңешмеси өтүүдө
17
Бирдин айы

Москва шаарында (Россия Федерациясы) Кыргыз-россиялык Өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча   комиссиясынын 19-кеңешмеси өтүүдө. Комиссияда Кыргыз Республикасынын делегациясын Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов жетектөөдө. Ал эми Россия Федерациясынын делегациясын Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Владимир Булавин жетектөөдө. Тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечегине тийиштүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашат. Уландысы

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова 2017-жылга аймактардагы туризмди өнүктүрүү боюнча План иштеп чыгуу жана натыйжалуу ишти уюштурууну тапшырды
17
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекованын төрагалыгы астында он-лайн режиминде мамлекеттик орган, бизнес-коомчулук жана Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда туризмди өнүктүрүү маселелерин координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги кеңешмеси болуп өттү. Аталган ведомстволор аралык комиссия мамлекетик түзүмдөр жана бизнес сектор ортосундагы Кыргызстанда туризм тармагын өнүктүрүү маселеси боюнча баарлашуу аянтчасы катары түзүлгөн. Кеңешменин жүрүшүндө өзгөчө баалуу Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР