6 Жалган куран архиви

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолукту
6
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-мартта, 2017-жылдын 7-мартында Бишкек шаарында  Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өтө турган Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келген Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолукту. Сооронбай Жээнбеков Казахстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен учурашып, Кыргызстан бул жылы Бишкек шаарында мамлекет башчыларынын катышуусунда ЕАЭБ Жогорку экономикалык кеңешинин жыйынын өткөрө Уландысы

Кыргызстанга Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков келди
6
Жалган куран

Кыргызстанга Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков баштаган делегация келди. Беларусь Республикасынын Премьер-министрин «Манас» Эл аралык аэропортунда  Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков тосуп алды. Беларусь Республикасынын  Премьер-министри Андрей Кобяков 2017-жылдын 7-мартында Бишкек шаарында  Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келди.    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Кыргызстанга Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев келди
6
Жалган куран

Кыргызстанга Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев келди баштаган делегация келди. Казакстан Республикасынын Премьер-министрин «Манас» Эл аралык аэропортунда  Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев  тосуп алды. Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев 2017-жылдын 7-мартында Бишкек шаарында  Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келди.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык Уландысы

Кыргызстанга Армения Республикасынын Премьер-министри Карен Карапетян келди
6
Жалган куран

Кыргызстанга Армения Республикасынын Премьер-министри Карен Карапетян баштаган делегация келди. Армения Республикасынын Премьер-министрин «Манас» Эл аралык аэропортунда  Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков тосуп алды. Армения Республикасынын Премьер-министри Карен Карапетян 2017-жылдын 7-мартында Бишкек шаарында  Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ЕЭК коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян менен Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына даярдыктардын жүрүшүн талкуулады
6
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-мартта, Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Тигран Саркисянды кабыл алды. Жолугушуу 2017-жылдын 7-мартында Бишкек шаарында өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынынын алкагында болду. Өкмөт башчы белгилегендей, бул жыйын ЕАЭБ колдоо үчүн катышуучу мүчө мамлекеттер ортосунда түздөн-түз пикир алышуу, учурдагы маселелерди талкулоодо күчтүү укуктук база, өз ара аракеттенүү механизмдер иштеп Уландысы

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБдин башкаруу органына төрагалык кылуусунун негизги милдети биримдиктин ичиндеги негизги тоскоолдуктарды алып салуу
6
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигинин  башкаруу органына төрагалык кылуусунун негизги милдети биримдиктин ичиндеги негизги тоскоолдуктарды алып салуу,-деди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов бүгүн, 6-мартта, жалпыга маалымдоо каражаттарына берген маалыматында. Вице-премьер-министр Олег Панкратов Кыргыз Республикасы төрага мамлекет катары, интеграциялык биримдиктин бардык катышуучулары өз ара түзүлгөн келишимдердин, милдеттердин жана техникалык регламенттердин үстүнөн иш алып баруусу үчүн иштейт. Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Кочкор районундагы социалдык объекттердин абалы менен таанышты
6
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Нарын облусунун Кочкор районуна жумушчу сапары менен барып, бир катар социалдык объекттердин абалы менен таанышып кайтты. Мухамметкалый Абулгазиев Большевик айылындагы 1976-жылы курулган насостук станциянын абалы менен таанышты. Оңдоо иштерине 18 млн. сом керектелет. Учурда 200 м жаңылоого муктаж болгон түтүктөрдүн 100 м оңдолуп, ага 2 млн. 84 миң сом Уландысы

Искендер Асылкулов мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды
6
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-мартта кол койгон буйрукка ылайык, Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

1 2
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР