15 Жалган куран архиви

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Борбор Азиядагы сот акыйкаттыгы жазык иши Программасынын өкүлдөрү менен адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү кызматташтык маселелерин талкуулады
15
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 15-мартта, БУУ Башкармалыгынын Борбор Азиядагы сот акыйкаттыгы жазык иши  Программасынын, баңги зат жана кылмыштуулук боюнча эл аралык менеджери Вера Ткаченко жана БУУ Башкармалыгынын Борбор Азиядагы сот акыйкаттыгы жазык иши  Программасынын, баңги зат жана кылмыштуулук боюнча эл аралык координатору Кун Маркверинг менен жолукту. Жыйында адамдарды сатууга каршы күрөшүү жана аялдарга, Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: Кыргызстан менен Германиянын ортосунда айыл чарба жана энергетика тармагында кызмматташууга зор мүмкүнчүлүктөр бар
15
Жалган куран

Кыргызстан менен Германиянын ортосунда айыл чарба жана энергетика тармагында кызмматташууга зор мүмкүнчүлүктөр бар. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Бишкек шаарында өткөн «Айыл чарба, энергия жана инновация» Кыргызстандагы Германия экономикасынын жыйынында билдирди. Мухамметкалый Абулгазиев өлкөдө экинчи жолу өткөрүлүп жаткан иш чара эки тараптуу сүйлөшүүлөр үчүн жакшы аянтча болуп берерин кошумчалады. «Бул Уландысы

Финансы министрлиги айрым министрликтер менен ведомстволордун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Бюджет кодексине өзгөртүүлөрдү киргизет
15
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги айрым министрликтер менен ведомстволордун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексине өзгөртүүлөрдү киргизет.Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги астында өткөн жыйында Кыргыз Республикасынын Финансы министри Адылбек Касымалиев маалымдады. Өзгөртүүлөр айрым министрликтер менен ведомстволорго тийиштүү жана ведомство алдындагы мекеме-уюмдардын ишинин өзгөчөлүктөрү эске алынды. Мында мамлекеттик органдардын күнүмдүк Уландысы

Өлкөдө үрөнчүлүк чарбаларга Өкмөт тарабынан дотация берилет
15
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өлкөдө үрөнчүлүк чарбаларга Өкмөт тарабынан үрөнчүлүккө көмөк көрсөтүү жана дотация берүү боюнча, Кыргыз Республикасында үрөнчүлүктү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө токтомго кол койду.  Аталган токтомдун негизги максаты республика боюнча үрөнчүлүк чарбаларды колдоо, айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жогорку сапаттуу сертификацияланган үрөн жана көчөт материалдары менен камсыз кылуу. Үрөнчүлүк чарбаларга мамлекеттик дотация берүүдөгү Уландысы

Касымбек Чодуров Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды
15
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Чодуров Касымбек Жалилович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысы-акими болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздо бөлүмү

Самирдин Жумашев Аламүдүн районунун акими кызматынан бошотулду
15
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Жумашев Самирдин Сариевич берген арызына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысы-акими кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздо бөлүмү

Бекболот Минбаев Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруудан бошотулду
15
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 43-беренесинин 1-пунктунун 6-бөлүмүнө ылайык кол койгон буйругу менен Минбаев Бекболот Бекназарович берген арызына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэри кызматтык милдетин аткаруудан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздо бөлүмү

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР