21 Жалган куран архиви

ФОТОРЕПОРТАЖ – Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Нооруз» майрамына арналган майрамдык иш чарага катышты
21
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-мартта, Бишкек шаарындагы борбордук «Ала-Тоо» аянтында «Нооруз» майрамын майрамдоого арналган майрамдык иш чарага катышты. Ал кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Нооруз майрамы менен куттуктады. «Нооруз» майрамын майрамдоонун алкагында «Ала-Тоо» аянтында Кыргыз Республикасынын искусство чеберлеринин жана эстрада аткаруучуларынын театрлаштырылган оюн-зоок жана концерттик программасы тартууланды.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков : Нооруз менен кошо ар бир үйгө кут конуп, элибизди ынтымак-ырашкерлик жылоолосун
21
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-мартта,  Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында жалпы Кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Төмөндө Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун сөзү: «Урматтуу мекендештер! Баарыңыздарды Кыргыз Өкмөтүнүн атынан Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Нооруз – кылымдардын тереӊинен, тарыхтын түпкүрүнөн келген майрам. Элибиздин маданиятына, коомубуздун аӊ- сезимине тереӊ сиӊип, муундан муунга, атадан балага берилип келген Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: Элдин тынчтыгы, бүтүндүгү учурдагы эң маанилүү жагдай
21
Жалган куран

Элдин тынчтыгы, бүтүндүгү учурдагы эң маанилүү жагдай. Андыктан, калктын бүтүндүгүнө шек келтирген чагымчыл күчтөрдөн нарктуу аксакалдарыбыз, ак элечек энелерибиз, жүрөгүндө жалыны бар чечкиндүү жаштарыбыз менен бирдикте акыл калчап, күч бирдикте болоорун айгинелөөгө милдеттүүбүз,-деди Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 21-мартта, Нооруз майрамына карата Ош шаарындагы борбордук аянтта өткөн салтанаттуу иш чарада. Биринчи вице-премьер-министр Ош Уландысы

Вице-премьер-министр Олег Панкратов: Жаздын келишин жана жаратылыштын жаңылануусун даңазалаган Нооруз майрамы элдерге жаңы үмүт кыялдарды алып келет
21
Жалган куран

«Нооруз бай тарыхты өзүнө камтыган улуу майрам. Кылымдардан бери кыргыз эли  бул майрамды үзгүлтүксүз белгилеп келе жатат.  Нооруз-мамлекеттик деңгээлдеги жалпы улуттук майрам. Жаз жаңыргандагы улуу күндө элдер  келечекке болгон ой-тилектердин орундалышын жана  жакшылыктары күтүшөт. Байыртадан кыргыз эли ушул күнү үйгө кут береке орноп, бакыт, ийгилик кошо келет деп, ишенип келишкен. Жаратылыш жаңыргандагы Нооруз майрамы калк Уландысы

Вице-премьер-министр Ж.Разаков: Нооруз майрамы адамдарды аруулукка, тазалыкка, ынтымак-ырашкерликке үндөйт
21
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 21-мартта, Талас облусунда Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш чарага катышты. Алгач вице-премьер-министр Жеңиш Разаков облус жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар менен биргеликте Манастын күмбөзүнө зыярат кылып, “Манас-Ордо” комплексинде даярдалган сүмөлөктөн даам сызды. Андан соң обустун борбордук аянтында уюштурулган салтанаттуу иш чарага катышты. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Талас облусунун тургундарын элибиздин эң Уландысы

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова: Нооруз – бардык кыргызстандыктарды бириктирген элибиздин эң куттуу жана жаркын майрамдарынын бири
21
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 21-мартта, Баткен шаарында күн менен түн теңелген жаз майрамы – «Нооруз» майрамына арналган чарага катышты  Вице-премьер-министр Баткен шаарынын тургундарын Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Нооруз майрамы менен куттуктады. «Нооруз –бардык кыргызстандыктарды бириктирген элибиздин эң куттуу жана жаркын майрамдарынын бири. Бул майрам күн менен түн теңелип, табияттын ойгонушун, Уландысы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат-жетекчиси министр Акылбек Осмоналиев: Нооруз жаңылануунун, жан дүйнөнү тазартуунун, үмүт-тилектин жана жакшылыктын жышааны
21
Жалган куран

Нарын облусунун тургундарын Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Өкмөтүнүн атынан Өкмөттүн аппарат жетекчиси – министр Акылбек Осмоналиев куттуктады. Ал бүгүн, 21-мартта, Нарын шаарындагы борбордук аянтта өткөн Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш чарага катышты. Акылбек Осмоналиев белгилегендей, Нооруз адамдарга жаңы үмүт-тилектерди ала келет. Жаратылыш жанданып, айлана-чөйрө тазаланып, адамдар аруу тилек менен жаңы бак-көчөттөрдү отургузушат. Нарын жергеси мал киндиктүү Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР