14 Чын куран архиви

Улан Доконбаев Ак-Суу районунун акими болуп дайындалды
14
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык Доконбаев Улан Ишембаевич Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облсунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы- акими болуп дайындалды.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Өкмөт кыргызстандыктарды 15-апрелде жалпы республикалык ишембиликке катышууга чакырат
14
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кыргызстандыктарды эртең,15-апрелде  өтө турган жалпы республикалык ишембиликке катышууга чакырат. Буга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жазга карата даярдыктын алкагында Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жыл сайын өтүүчү салтты жаңылап– аймактарда ишмебиликтерди өткөрүүнү тапшырган. Мындай иш чаралардын максаты – жаштарды өз мекенин сүйүүгө үндөө, жер-жерлерде тазалыкты камсыз кылуу жана жергиликтүү тургундарды мобилизациялоо. Уландысы

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Улуттук гопиталдагы оңдоо иштери менен таанышты
14
Чын куран

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 14-апрелде, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдагы оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Улуттук госпиталдын жетекчилиги 2017-жылдын 20-январынан баштап, убактылуу токтотулган оңдоо иштери башталгандыгын билдирди. Бүгүнкү күндө госпиталдагы үч бөлүмдүн оңдоо иштери толук аяктады. Терапиялык корпустун оңдоо иштери 70% бүткөрүлдү, толугу менен  2017-жылдын июнь айында ишке берилет. Мындан сырткары апрель Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Газпром» башкармалыгынын төрагасынын орун басары Виталий Маркелов менен жолукту
14
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде, «Газпром» башкармалыгынын төрагасынын орун басары Виталий Маркелов жана «Газпром Кыргызстан» ЖЧК башкы директору Болот Абильдаев менен жолукту. Жолугушууда «Газпром Кыргызстан» ЖЧК ушул жылга  өлкөнү газификациялоо  инвестициялык программасынын ишке ашырылышы тууралуу талкууланды. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана экономиканын отун-энергетикалык тармагын өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишмердүүлүгүндөгү Уландысы

Экономика министринин орун басары Баккельди Тюменбаевге сөгүш жарыяланды
14
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун кабыл алууда системалык түрдө даярданып барбагандыгы жана өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Тюменбаев Баккельди Рахимовичке сөгүш жарыяланды.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Кыргызстанга Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев келди
14
Чын куран

Кыргыз Республикасына бүгүн, 14-апрелде, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев келди. «Манас» Эл аралык аэропортунда Казакстан Республикасынын Президентин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн, 14-апрелде Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келди. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны Кыргыз Республикасынын 2017-жылы Евразия экономикалык кеңешинин органына төрагалык Уландысы

Кыргызстанга Россиянын Президенти Владимир Путин келди
14
Чын куран

Кыргыз Республикасына бүгүн, 13-апрелде, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин келди. «Манас» Эл аралык аэропортунда Россия Федерациясынын Президентин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин эртең, 14-апрелде Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келди. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны Кыргыз Республикасынын 2017-жылы Евразия экономикалык кеңешинин органына төрагалык Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР