20 Чын куран архиви

Калиман Маматова Милдетүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды
20
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-апрелде кол койгон буйрукка ылайык, Маматова Калиман Тойчубековна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдетүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Сагынбек Исмаилов жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды
20
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-апрелде кол койгон буйрукка ылайык, Исмаилов Сагынбек Сардарбекович  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов: Бул жылы жолдун сапатын көзөмөлдөө үчүн эки мобилдүү көчмө лаборатория сатылып алынат
20
Чын куран

«Бул жылы жолдун сапатын көзөмөлдөө үчүн эки мобилдүү көчмө лаборатория сатылып алынат», — деди Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов бүгүн, 20-апрелде, өткөн маалымат жыйынында. «Бардык керектүү сертификаттары бар аталган жабдуу оперативдүү түрдө жеринен аткарылган иштердин сапатын көзөмөлдөп турат. Мындан сырткары биз жакында өлкөдөгү бардык жолдорду паспортизациялоо иштерин баштайбыз. Азыркы учурда бир да жолдун паспорту Уландысы

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов: Бишкек – Кара-Балта жолун реконструкциялоо маалында Бишкек-Кара-Балта поезди иштейт
20
Чын куран

«Бишкек – Кара-Балта жолун реконструкциялоо маалында Бишкек-Кара-Балта поезди иштейт»,-деди Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов бүгүн, 20-апрелде, маалымат жыйынында. «Узундугу 45 чакырымды түзгөн Бишкек – Кара-Балта автожолунун курулушу башталды. Азыркы тапта жол куруучу ишкана тарабынан карьердин орду, курулуш аянты аныкталып, топографиялык тасма жана инженердик-техникалык топту мобилизациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Аталган долбоордун жалпы суммасы 70 Уландысы

ФОТОРЕПОРТАЖ –Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун Кыргыз Республикасындагы жол куруу жана оңдоо долбоорлорунун ишке ашырылуусу тууралуу маалымат жыйыны
20
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун Кыргыз Республикасындагы жол куруу жана оңдоо долбоорлорунун ишке ашырылуусу тууралуу маалымат жыйыны. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: 2016-жылы Кыргызстанда айыл чарбасынын ички дүң продукциясындагы өсүш 3% болду
20
Чын куран

“2016-жылы Кыргызстанда айыл чарбасынын ички дүң продукциясындагы өсүш 3% болду. Анын ичинен: мал чарбасы боюнча 2,5%га жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк боюнча 3,7%га көп өндүрүлдү”, – деп Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин алдындагы химизациялоо жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин аймактардагы өкүлдөрүнө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине каршы күрөшүүгө багытталган Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР