6 Бугу архиви

Өкмөттүн Аппарат кызматкерлери Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы табигый кырсыктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн эки күндүк эмгек акысын которушту
6
Бугу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат кызматкерлери Ош облусунун Өзгөн районундагы жер көчкүнүн, Чоң-Алай районундагы жер титирөөнүн жыйынтыгында жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн эки күндүк эмгек акысын которушту. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда табигый кырсыктын жыйынтыгында жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн эсеп ачылды
6
Бугу

Ош облусунун Өзгөн районундагы жер көчкүнүн жана Чоң-Алай районундагы жер титирөөнүн жыйынтыгында жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү максатында акча каражаттарын которуу үчүн эсеп ачылды.  Жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча акча которуу үчүн реквизиттер: Алуучу: «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги – 2017-жылдын 3-майында Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн» Алуучунун эсеби: 4407012100009383 Алуучу банк: КРФМ Борбордук Уландысы

Дача Су айылындагы кырсыктан каза болгондордун туугандарына, жабыркагандарга жана жергиликтүү тургундарына акчалай каражатты бөлүштүрүү боюнча түшүндүрмө
6
Бугу

Социалдык тармактарда активдүү талкууланып жаткан 2017-жылдын 16-январында Дача Су айылында болгон авиакырсыктан каза болгондордун, жабыркагандардын туугандарына, аталган айылдын жашоочуларына моралдык жактан колдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине кыргызстандыктардан келип түшкөн каражаттардын бөлүштүрүлүшү боюнча кайрадан төмөнкүлөрдү билдиребиз. 2017-жылдын 27-апрелинде акча каражаттар авиакырсыктын жыйынтыгында каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандарынын банктык жеке эсебине которулду. 2017-жылдын Уландысы

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова биздин негизги милдетибиздин бири – өлкөнү Борбор Азияда аймактык туризмдин борборуна айландыруу
6
Бугу

Биздин негизги милдетибиздин бири – өлкөнү Борбор Азияда аймактык туризмдин борборуна айландыруу. Бул тууралуу бугун, 6-майда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова «Issyk-Kul International Tourism Fair-Exhibition-2017» Эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкенин ачылышында билдирди. «Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүүрүүнүн улуттук стратегиясына ылайык, Өкмөттүн алдындагы негизги тапшырмалардын бири – ажайып тоолуу Кыргызстанды Борбор Азияда аймактык туризмдин борборуна айландыруу»,-деди Чолпон Султанбекова. Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Бишкек-Кара-Балта» унаа жолундагы ремонт иштеринин жүрүшү менен таанышты
6
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6- майда, «Бишкек – Кара-Балта» унаа жолундагы ремонт иштеринин жүрүшү менен таанышты. «Бишкек – Кара-Балта» авто жолу өлкөбүздөгү стратегиялык көп каттамга ээ болгон жолдордун бири. Муну эске алуу менен аталган жолду капиталдык реконструкциялоону баштоо жана жолду кеңейтүү чечими кабыл алынган. Аталган максатта финасы каражаттары бөлүнүп, аны колдонуу жана иштин Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР