11 Бугу архиви

Кыргызстанда жатак-үй тибиндеги бардык социалдык мекемелер 2017-жылдын 15-майына чейин санариптик телерадиоберүүгө кошулуу боюнча атайын жабдуу менен камсыз болот
11
Бугу

Кыргызстанда жатак-үй тибиндеги бардык социалдык мекемелер 2017-жылдын 15-майына чейин санариптик телерадиоберүүгө кошулуу боюнча атайын жабдуу менен камсыз болот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү тууралуу Мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйынында белгилүү болду. Мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев эскерткендей, буга чейин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине, Билим берүү жана илим министрлигине Уландысы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн карайт
11
Бугу

Эртең, 12-майда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтүп, анда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү каралат. Мындан сырткары күн тартибинде 2017-жылдын январь-март айларына өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы да талкууланат. Ошондой эле Өкмөттүк жыйында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «КР Өкмөтүнө караштуу «Таза Коом»  долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңеши» тууралуу токтомунун долбоору Уландысы

Кыргыз Республикасы менен ЮНИСЕФтин ортосунда 2018-2022-жылдарга кызматташуу долбоорунун программасы жактырылды
11
Бугу

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 11-майда, Кыргыз Республикасы менен ЮНИСЕФтин ортосунда 2018-2022-жылдарга кызматташуу  долбоорунун программасын талкуулаган жыйын өткөрдү. Долбоор республикадагы министрликтер, ведомстволор жана ЮНИСЕФтин өкүлдөрү менен биргеликте иштелип чыккан. Көрсөтүлгөн долбоорго ылайык, ЮНИСЕФтин 2018-2022-жылдарга өлкөлүк программасы балдардын жана өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо үчүн жагымду шарттарды түзүүнү жана алардын инклюзивдик корголгон коомдо потенциалын жогорулатууну колдойт. «Кыргыз Уландысы

Кыргызстандын санариптик телерадиоберүүгө өтүүсүнө байланыштуу маселелерди чечүү үчүн ыкчам штаб түзүлөт
11
Бугу

2017-жылдын 15-майынан тартып Кыргыз Респуликасынын санариптик телерадиоберүүгө өтүүсүнө байланыштуу маселелерди өз убагында чечүү үчүн санариптик телерадиоберүүгө туташтырууга жардам көрсөтүү  үчүн техникалык адистердин көчмө тобунан турган ыкчам штаб түзүлөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Кыргыз Республикасынын санариптик телерадиоберүүгө өтүүсү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйынында билдирди. Штабдын курамына тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, мекмелердин жана Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР