12 Бугу архиви

Вице-премьер-министр Олег Панкратов: Министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринде БС/ЕАЭБ алкагындагы күчүнө кире турган 18 техникалык регламент боюнча ЧУА иштеп чыгууда жоопкерчиликтүү мамиле болушу керек
12
Бугу

Министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринде Бажы Союзунун/Евразия экономикалык Биримдигинин алкагындагы 2017-жылдын 12-августунда күчүнө кире турган 18 техникалык регламент боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда жоопкерчиликтүү мамиле болушу керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов бүгүн, 12-майда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында билдирди. «Кыргыз Республикасы Бажы союзуна кошулгандан баштап, өлкөнүн аймагында соода мал сакталышын камсыз кылуу үчүн Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 1-июнуна чейин Бажы биримдигинин / ЕврАзЭСтин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык келүүсүн инвентаризациялоо боюнча ишти аягына чыгарууну тапшырды
12
Бугу

2017-жылдын 1-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Бажы биримдигинин / ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык келүүсүн инвентаризациялоо жана учурдагы колдонулуп жаткан техникалык регламенттерге улуттук мыйзамдарды ыңгайлаштыруу боюнча ишти аягына чыгаруу керек. Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-майда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында койду. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кошулушу Уландысы

Мухамметкалый Абулгазиев: Айрым мамлекеттик укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү айылдардын дотациядан чыгуусуна шарт түзөт
12
Бугу

Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү айылдардын дотациядан чыгып, өз алдынча өнүгүүсүнө шарт түзөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алынча башкаруу оргадарына өткөрүп берүү боюнча жумушчу кеңешмеде билдирди. Биринчи вице-премьер министр министрликтердин өз милдеттеринин айрым бөлүктөрүн жергиликтүү өз алдынча Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишкананы эске албаганда, 2017-жылдын I кварталынын жыйынтыгында ИДП реалдуу өсүү темпи 3,9% түздү
12
Бугу

Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишкананы эске албаганда, 2017-жылдын I кварталынын жыйынтыгында ИДП реалдуу өсүү темпи 3,9% түздү, 2016-жылдын ушул мезгилинде аналогдук көрсөткүч 0,5% түзгөн. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-майда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында 2017-жылдын январь-мартында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктарын кароонун жүрүшүндө билдирди. Өлкөдө 2017-жылдын январь-мартында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Өзгөчө кырдаалдардын оор кесепеттерине жол бербөөгө багытталган чараларды көрүүдө мамлекеттик органдардын иши жетишээрлик деңгээлде эмес
12
Бугу

Өзгөчө кырдаалдардын оор кесепеттерине жол бербөөгө багытталган чараларды көрүүдө мамлекеттик органдардын иши жетишээрлик деңгээлде эмес, — деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-майда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында. Өкмөт башчы болуп өткөн окуялардын хронологиялык анализи Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жана башка тиешелүү кызматкерлердин кайдыгер мамилеси кайгылуу Уландысы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруу боюнча Кеңеш түзүлдү
12
Бугу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында «Таза Коом»  долбоорун ишке ашыруу  боюнча Кеңеш түзүлдү. Мындай чечим бүгүн, 12-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында өткөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында кабыл алынды. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруу менен, координациялык орган түзүү муктаждыгы келип чыкканын белгиледи. Кеңешти түзүүнүн максаты электрондук башкаруу багытындагы саясатты иштеп Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине өзгөчө кырдаалдарды жоюу жана алдын алуу боюнча иштин начардыгынан улам тартипке чакыруу жаза чарасын жарыялады
12
Бугу

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине өзгөчө кырдаалдарды жоюу жана алдын алуу боюнча иштин начардыгынан улам тартипке чакыруу жаза чарасын жарыялады Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-майда, бир катар мамлекеттик органдарынын жетекчилерине өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдарды жоюу жана алдын алуу боюнча иштин начардыгынан улам  тартипке чакыруу жаза чарасын  жарыялады Төмөнкү кызматкерлерге сөгүш жарыяланды: Уландысы

ФОТОРЕПОРТАЖ – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны
12
Бугу

Бүгүн, 12-майда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтүүдө. Күн тартибинде-  өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү, 2017-жылдын январь-март айларына өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «КР Өкмөтүнө караштуу «Таза Коом»  долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңеши» тууралуу токтомунун долбоору жана Бажы биримдигиндеги/ЕАЭБ техникалык регламенттерди ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маселелер. Уландысы

1 2
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР