16 Бугу архиви

Вице-премьер министр Чолпон Султанбекова: Кыргызстан социалдык маанидеги долбоорлорду ишке ашырууда кыргыз-катар кызматташтыгын тереңдетүүгө кызыктар
16
Бугу

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова кыргыз делегациясынын курамында 2017-жылдын 15-майында Катар Республикасынын Доха шаарында Премьер-министрдин Катар мамлекетинин министрлер кабинети иши боюнча орун басары Ахмад бин Абдулло Аль-Махмуд менен жолугушту. Вице-премьер Чолпон Султанбекова эки өлкө ортосундагы өз ара мамилелер Кыргыз Республикасынын Доха шаарындагы элчилигинин ачылуусунан кийин жанданганын баса белгиледи. Ал социалдык маанидеги долбоорлорду ишке ащырууда кызматташтыкты Уландысы

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Доха шаарында «Өнүгүү, туруктуулук жана качкындар көйгөйлөрү» эл аралык форумуна катышты
16
Бугу

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова кыргыз делегациясынын курамында 2017-жылдын 14-16-майында, Катар Республикасынын Доха шаарында «Өнүгүү, туруктуулук жана качкындар көйгөйлөрү» атуу эл аралык форумуна катышты. Катар мамлекеттик эмири Тамима бин Хамада Аль-Тани эгидасы астында өткөрүлгөн иш чаранын жүршүндө качкындардын заманбап көйгөйлөрү, коопсуздук, экономика, туруктуу өнүктүрүү, ошондой эле аймактык актуалдуу көйгөйлөр талкууланды. Катар мамлекетине болгон сапарынын алкагында Уландысы

Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыркагандарга курулуш материалдарынын биринчи партиясы жеткирилди
16
Бугу

Бүгүн, 16-майда, Ош облусунун Чоң-Алай райондагы Кара-Тейит, Кара-Мык, Жекенди жана Шибээ айылдарындагы жер титирөөдөн жабыркагандарга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчү менен курулуш материалдарынын биринчи партиясы жеткирилди. КР ӨКМ кызматкерлери жабыркаган айылдын жергиликтүү тургундарына арзандатылган баада берилүүчү 120 тонна цементти жеткирди. Ошондой эле Чоң-Алай районуна чатыр жана тамак-аш продуктулары түрүндөгү гуманитардык жардам жеткирилди, аны облустук Уландысы

Вице-премьер-министр Олег Панкратов: Ишкерлер 2017-жылдын 12-августунда ЕАЭБ техникалык регламенттери күчүнө кирерин түшүнүшү керек
16
Бугу

«Ишкерлер 2017-жылдын 12-августунда биздин регламенттер  күчүн жоготуп, ЕАЭБ техникалык регламенттери күчүнө кирерин түшүнүшү керек», — деди Кыргыз Республикасынын  вице-премьер-министри Олег Панкратов  бүгүн, 16-майда, 2017-жылдын 12-августунда күчүнө кире турган БС/ЕАЭБ 18 техникалык регламентинин мазмуну тууралуу калкка маалымат жеткирүү боюнча маалымат жыйында. Вице-премьер-министр Олег Панкратов белгилегендей, 2017-жылдын 12-августунда БС/ЕАЭБ техникалык регламенттери гана күчүнө кирет. «Буга байланыштуу ишкер Уландысы

Бишкек шаарында студенттердин «Ала-Тоо жазы – 2017» республикалык фестивалы өтөт
16
Бугу

Бишкек шаарында 2017-жылдын 18-майында Т.Сатылганов атындагы кыргыз Улуттук филармониясында студенттердин  «Ала-Тоо жазы – 2017» республикалык фестивалы өтөт. Аталган фестиваль 2017-жыл Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан жарыяланган ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында өткөрүлүүдө. «Ала-Тоо жазы – 2017» фестивалынын негизги максаты өлкөдөгү тарых, маданият, искусство жана кадаа-салттарды жайылтуу, студенттер арасында достук мамилени чыңдоо, жаш таланттарды Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков балдардын жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү
16
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-майда, балдардын жол коопсуздугун камсыз кылуу, жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы белгилегендей, аталган багытта тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө, бирок жетишсиз көлөмдө. Ага далил – коомчулук тарабынан балдардын катышуусунда жол-транспорт кырсыктарынын саны көбөйүп жаткандыгы тууралуу нараазычылыктардын айтылуусу. Ички иштер министри Улан Уландысы

ФОТОРЕПОРТАЖ – «2017-жылдын 12-августунда күчүнө кире турган БС/ЕАЭБ 18 техникалык регламентинин мазмуну тууралуу» маалымат жыйыны
16
Бугу

Бүгүн, 16-майда, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүндөгү маалымат жыйынында 2017-жылдын 12-августунда күчүнө кире турган БС/ЕАЭБ 18 техникалык регламентинин мазмуну тууралуу калкка маалымат жеткирүү боюнча маалымат жыйыны өттү. Маалымат жыйынга вице-премьер-министр Олег Панкратов, Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы 1-калкты тейлөө борборунун (КТБ) ишмердүүлүгү менен таанышты
16
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-майда,  Бишкек шаарындагы калкты тейлөө борборунун 1- (КТБ)  ишмердүүлүгү менен таанышты. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Дастан Догоев маалымдагандай, бүгүнкү күндө жалпы республика боюнча 22 миңден ашык жаран биометрикалык паспорт алуу үчүн электрондук анкеталарын тапшырышты. Ушул жумада буга чейин паспорт алуу үчүн документ тапшырган жарандар  биометрикалык паспортторун ала Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР