17 Бугу архиви

Вице-премьер-министр Олег Панкратов: ЕЭК кеңеши ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүндөгү экономиканын өсүшүн камсыз кылууга, документтерди иштеп чыгууну күчөтүүгө жана жарандардын жакшы жашоосуна багыт алат
17
Бугу

Евразия Экономикалык комиссиясынын  (ЕЭК) кеңеши ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүндөгү экономиканын өсүшүн камсыз кылууга, документтерди иштеп чыгууну күчөтүүгө жана жарандардын жакшы жашоосуна  багыт алат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасын вице-премьер-министри, Евразия Экономикалык комиссиясынын Кеңешинин төрагасы Олег Панкратов бүгүн, 17-майда, Москва шаарында (Россия Федерациясы) өткөн ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди. ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйынында экономика, соода, бажы декларациялары, транспорт Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: Араб ишкерлери Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар
17
Бугу

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев 16-майда Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында өтүп жаткан Ислам Өнүктүрүү Банкынын 42-жыйынына катышты. Жыйындын алкагында Ислам Өнүктүрүү Банкынын вице-президенти Саед Ага, араб экономикалык өнүгүү тармагы боюнча Кувейт Фондунун операциялык маселелер боюнча директору Марван Аль-Ганем жана ОПЕК фондунун өкүлү Фуад Аль-Базам менен жолукту. Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Кыргызстанда 2040-жылга чейинки Уландысы

Москва шаарында ЕЭК кезектеги жыйыны өтүүдө
17
Бугу

Бүгүн, 17-майда Москва шаарында (Россия Федерациясы) Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясын Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов жетектеди. Кыргыз Республикасынын делегация курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдигиндеги өкүлү Санжар Уметалиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Сауд Өнүктүрүү Фондунун вице-президенти, башкаруучу директору Ибрагим Аль-Бассам менен жолукту
17
Бугу

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 17-майда, Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында өтүп жаткан Ислам Өнүктүрүү Банкынын 42-жыйынынын алкагында Сауд Өнүктүрүү Фондунун вице-президенти, башкаруучу директору Ибрагим Аль-Бассам менен жолукту. Жолугушууда айыл чарба, саламаттык сактоо жана ирригация тармагындагы бир катар маселелер талкууланды. Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев 2017-жылдын 11-12-июлунда Бишкек шаарында араб координациялык тобунун катышуусунда Үчүнчү Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Лизинг программасын өнүктүрүүгө Өкмөт тарабынан 1 миллиард сомдон ашык каражат каралды
17
Бугу

«Лизинг программасын өнүктүрүүгө Өкмөт тарабынан 1 миллиард сомдон ашык каражат каралды. Өкмөт ата мекендик фермерлерди жана дыйкандарды колдоо багытындагы саясатын улантат», – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-майда, «Айыл-Агро-2017» V Эл аралык агроөнөр жай көргөзмөсүндө. Сооронбай Жээнбеков акыркы жылдары Өкмөт тарабынан өлкөнүн агрардык тармагын өнүктүрүү үчүн техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча активдүү Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР