Кулжа 2017 айынын архиви

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Тогуз-Торо районундагы социалдык объектилерге барды
30
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда, Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы жалпы дарыгерлик практикалык Борборунун абалы менен таанышты. Аталган медициналык мекеменин башкы дарыгери Алмаз Иманкулов маалымдагандай, борбор 1980-жылдары курулган. Учурда оорукана 70 орунга ылайыкталып – хирургиялык, стоматологиялык, реанимация, төрөт жана жугуштуу оорулар болуп беш бөлүмдөн турат. «Имаратка көп жылдан Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун «Казарман-Жалал-Абад» участогун көрдү
30
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда, Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында, «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун «Казарман-Жалал-Абад» участогун көрдү. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалымдагандай, Жалал-Абад шаарынын – Казарман айылындагы участоктун жалпы көлөмүнүн 46% бүтүп калды. Аталган участокто дренаждык, жер жана көпүрөлөрдө коммуникацялык көчүрүү  иштери аткарылууда. Казарман айылынан тоннель тарапты көздөй 21 Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Саймалуу-Таш» жаратылыш паркына жакын жердеги «Кылдоо» участкасындагы алтын кен казуу мүмкүнчүлүгү менен таанышты
30
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда, Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында, Тогуз-Торо районундагы  «Саймалуу-Таш» мамлекеттик жаратылыш паркына жакын жердеги «Кылдоо» участкасындагы алтын кен казуу мүмкүнчүлүгү менен таанышты. Кылдоо кенинде алтын казуу муктаждыгы «Макмал» алтын кенинде кен байлыктардын кору түгөй баштагына байланыштуу келип чыккан. Кылдоо кениндеги алтындын кору болжол менен беш тоннага болжолдонууда.  Аталган Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Тогуз-Торо районундагы ички жолдорду тейлөө боюнча иштер менен таанышты
30
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда,  Жалал-Абад облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Тогуз-Торо районундагы ички жолдордун абалы менен таанышты. Өкмөт башчы эске салгандай, азыркы кезде республика боюнча жолдорду асфальттоо иштери жүрүүдө. Бүгүнкү күндө каржылык жана техникалык бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Быйылкы жылы өлкөдөгү ички жолдорду ремонттоого жана курууга 750 млн сом бөлүнгөн. Сооронбай Жээнбеков белгилегендей Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусундагы «Жогорку Ак-Күп» каналынын долбоору менен таанышты
30
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Тогуз-Торо районундагы Каргалык айыл окгурунда жайгашкан Бөксө участкасындагы «Жогорку  Ак-Күп»  каналынын долбоору менен таанышты. Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев маалымдагандай, аталган каналдын курулушу боюнча долбоор 2012-жылы иштелип чыккан. Каналдын курулуш иштерин 2019-2023-жылдарга Уландысы

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
30
Кулжа

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри  Чолпон Султанбекова бүгүн, 30-июнда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагындагы эмгектенген кызматкрелерди кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү медицина кызматкерлеринин статусун жакшыртуу, татыктуу жашоо деңгээли менен камсыздоо жана мекендештердин ден-соолугун коргоо үчүн бардык чараларды көрүп жатат», — деди вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова. Вице-премьер-министр Уландысы

Өкмөт Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы «Акталчат–Казарман» автожолунда жайгашкан көпүрөнү оңдоого 50 млн сом каражат бөлөт
30
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы «Акталчат–Казарман» автожолунда жайгашкан көпүрөнү оңдоого 50 млн сом  каражат бөлөт. Бул тууралуу Кыргыз Республиксынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда, Нарын облусуна болгон жумуш сапарында билдирди. Өкмөт башчы Ак-Талаа районундагы «Акталчат–Казарман» автожолунда жайгашкан көпүрөнүн абалын көрдү. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалымдагандай, жалпы узундугу 140 метр Уландысы

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова: Илимди өнүктүрүү жана интелектуалдык резервди бекемдөө– өлкөнүн социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүндөгү негизги фактор
30
Кулжа

«Илимди өнүктүрүү жана интелектуалдык резервди бекемдөө– өлкөнүн социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүндөгү негизги фактор», – бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри  Чолпон Султанбекова бүгүн, 30-июнда, Жогорку аттестациялык комиссиянын 25 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чарада билдирди. Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Жогорку аттестациялык комиссиянын бардык кызматкерлерин куттуктап, Жогорку аттестациялык комиссия бүгүнкү күнгө чейин өз милдеттерин жогору Уландысы

1 2 3 16
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР