Теке 2017 айынын архиви

Кыргызстандын мыкты экспортёрлору Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдон сыйлыктарды алышты
31
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-июлда, ата-мекендик товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоону илгерилетүүгө активдүү көмөк көрсөткөндүгү жана улуттук экономиканын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн бир канча экспортёрлорду – мекемелерди өкмөттүк сыйлыктар менен сыйлады. Ошондой эле экспорттук инфраструктуранын жакшырышына катышкан мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрү да сыйланды. Алардын арасында ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды, мамлекеттик чек арада Уландысы

Кыргызстандын жана Өзбекстандын Өкмөттүк делегацияларынан турган жумушчу тобу кезектеги жолугушуусун өткөрдү
31
Теке

2017-жылдын 20-29-июлуна чейин Бишкек шаарында Кыргызстандын жана Өзбекстандын Өкмөттүк делегацияларынан турган жумушчу тобу, кыргыз-өзбек чек арасындагы  делимитации  жана демаркация маселелери боюнча  кезектеги жолугушуусун өткөрдү. Бирге жүргүзүлгөн иштердин аткарылышы менен таанышуу максатында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы КР Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Аскандаровду Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков “Эң мыкты айыл өкмөтү-2016” сынагынын жеңүүчүлөрүнө Өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды
28
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, бүгүн, 28-июлда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине дем берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан “Эң мыкты айыл өкмөтү-2016” мамлекеттик сынагынын жеңүүчүлөрүнө байгелер жана Өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды. Сынактын жыйынтыгы боюнча төмөнкү эки топко бөлүнгөн айыл өкмөттөрү байгелүү орундарга жетишти: Биринчи топ: – I орун – 1 500 000 (бир миллион Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Жаңы окуу жылына чейин унаа жолдорду бойлой жайгашкан мектептердин жанына жол белгилерин, светофорлорду орнотуу жана тиешелүү белгилерин тартуу башталат
28
Теке

“Балдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн жаңы окуу жылы башталгыча жол белгилерин жана светофорлорду орнотуу жана тиешелүү белгилерин тартуу боюнча иштер башталат”, – деп билдирди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июлда мектептердин жол инфраструктурасын оңдоо боюнча жумушчу жыйында билдирди. Өкмөт башчы белгилегендей, окуу жылы башталар менен окуучулардын саны өлкөнүн жолдорунда кескин көбөйөт. Ошондуктан азыртан балдардын коопсуздугун камсыз кылуу Уландысы

2017-жылдын I кварталына чет элдик инвестициялардын түз агымы 202,7 млн. АКШ долларын түзүп, 2016-жылдын ушул маалына салыштырмалуу 35 % көп болду
28
Теке

2017-жылдын I кварталына чет элдик инвестициялардын түз агымы 202,7 млн. АКШ долларын түзүп, 2016-жылдын ушул маалына салыштырмалуу 35 % көп болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июлда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында билдирди. 2017-жылдын январь-июнунда Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика министри Арзыбек Кожошев маалымат берди. «2017-жылдын январь-июнь айларына ИДП Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкө экономикасынын бардык тармактактарындагы көрсөткүчтөр дээрлик оң натыйжага ээ болуп саналат
28
Теке

«Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкө экономикасынын бардык тармактактарындагы көрсөткүчтөр дээрлик оң натыйжага ээ болуп саналат», –  деп билдирди Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн,  28-июлда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында 2017-жылдын январь-июнь айларына карата Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгаруу маселесин кароо учурунда. Өкмөт башчы белгилегендей, эң негизги көрсөткүч катары 2017-жылдын башынан тартып Уландысы

ФОТОРЕПОРТАЖ – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны
28
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн,  28-июлда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйында Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын январь-июнь айларына карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылды жана 2017-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп жыйноонун жүрүшү жана айыл чарба  продукцияларын сатуу тууралуу маалыматтар угулду. Аталган маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын  Экономика министри Арзыбек Кожошев,  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр Уландысы

ФОТОРЕПОРТАЖ – «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын 2017-жылдын I жарым жылдыгындагы аткарган иштери» тууралуу маалымат жыйыны
27
Теке

Бүгүн, 27-июлда, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүнүн Маалымат борборунда «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын 2017-жылдын I жарым жылдыгындагы аткарган иштери» тууралуу маалымат  жыйыны өттү. Маалымат жыйынына: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев, миграциялык саясатты иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Бейшенов, чет элдин жарандар менен иштешүү боюнча башкы адис Бакыт Кудайбердиев Уландысы

1 2 3 13
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР