3 Теке архиви

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине калкка мамлекеттик кызматтарды электрондук форматта сунуштоо боюнча иштерди уюштуруу процессин активдештирүү керектигин тапшырды
3
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-июлда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин ишмердүүлүгүн талкуулоонун жүрүшүндө аталган комитетке калкка мамлекеттик кызматтарды электрондук форматта сунуштоо боюнча иштерди уюштуруу процессин активдештирүү керектигин тапшырды. Өкмөт башчы белгилегендей, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети бир жылдык ишмердүүлүгүндө бир топ жыйынтыктарга жетишти, бирок ошол Уландысы

2017-жылдын 1-октябрына карата 189 мамлекеттик кызмат көрсөтүү электрондук форматка өтөт
3
Теке

2017-жылдын 1-октябрына карата 373 мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы санынын ичинен  189 электрондук форматка өтөт. Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-июлда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин ишмердүүлүгүн талкуулоонун жүрүшүндө берди.  Өкмөт башчы белгилегендей, электрондук башкаруу жана электрондук документ жүгүртүү  маселеси дүйнө жүзүндө келечектүү болуп саналат. Алдыңкы Уландысы

2017-2025-жылдары Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы планын иштеп чыгуу боюнча Өкмөттүн программасы бекитилди
3
Теке

«Калктуу конуштардын башкы планы – шаарларды жана калктуу конуштарды келечекте  өнүктүрүүнү аныктоодо башкы стратегиялык документтердин бири болуп саналат. Шаарлардын жана калктуу конуштардын иштелип чыккан планы жерди туура пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн,  3-июнда, 2017-2025-жылдары Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы планын иштеп чыгуу боюнча Өкмөттүн программасын талкуулоо учурунда билдирди. Премьер-министр Уландысы

ФОТОРЕПОРТАЖ – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны
3
Теке

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн, 3-июнда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат жана «2017-2025-жылдары Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы планын иштеп чыгуу боюнча программаны бекитүү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  токтом долбоору каралды. Аталган маселелер боюнча маалыматтар менен Кыргыз Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР