5 Теке архиви

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Панфилов жана Жайыл райондорундагы мектептердин абалы менен таанышты
5
Теке

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-июлда, Чүй облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Чүй облусунун  Панфилов  районунун Букара айылындагы орто мектептин абалы жана Жайыл районунун Сосновка айылындагы орто мектептин курулушу менен таанышты. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев маалымдагандай,  Панфилов районунун  Букара айылындагы орто мектептин курулушу Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков этап-этабы менен тазалоо иштерин өткөрүү үчүн Чүй облусундагы бардык суткалык суу бөлүштүрүү бассейндерине мониторинг жүргүзүүнү тапшырды
5
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5- июлда, Чүй облусуна жасаган жумушчу сапарыны алкагында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу  Суу чарба жана мелиорация департаментине этабы менен тазалоо иштерин өткөрүү үчүн Чүй облусундагы бардык суткалык суу бөлүштүрүү бассейндерине мониторинг жүргүзүүнү тапшырды. Чүй облусу боюнча Суу чарба департаментинин башкармалыгынын начальниги Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Чалдовар-Автодорожный» көзөмөл өткөрүү пунктунун модернизациялоо долбоору менен таанышты
5
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  Сооронбай Жээнбеков бүгүн,  5- июлда,Чүй облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-казак мамлекеттик чак ара тилкесинде жайгашкан «Чалдовар-Автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктун модернизациялоо долбоору менен таанышты. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Уларбек Шаршеев маалымдагандай, бүгүнкү күндө көзөмөл-өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү 5миң адамга чейин жана 300 авто унааны түзөт. Модернизациялоонун жыйынтыгында өткөрүү Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чүй облусундагы «Каинды-Кант» ААК алып баруучу жолду ремонттоону тез арада баштоону тапшырды
5
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-июлда,Чүй облусуна жасаган жумушчу сапарыны алкагында Транспорт жана жолдор министрлигине Чүй облусунун  Панфилов районундагы «Каинды-Кант»ААК алып баруучу жолдун ремонтун тез арада баштоону тапшырды.  Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жолдордун абалы менен таанышып, 80% жүк жүктөлгөн (кант кызылчасы) авто унаалар  «Каинды-Кант» заводуна ушул жол аркылуу өтөт. Мындан улам бүгүнкү күндө жол начар Уландысы

Кызжибек Марипованын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүлөт
5
Теке

Бир катар массалык маалымат каражаттары жазган Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай айыл өкмөтүнүн жашоочусу Кызжибек Мариповага  тармактык министрликтер тарабынан жардам берилет. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен  вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова аталган үй-бүлөгө медициналык жана социалдык жардам көрсөтүү маселесин жеке көзөмөлүнө алды. Саламаттыкты сактоо  министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кызжибек Мариповага жана анын балдарына зарыл Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: «Кара-Балта-Бишкек» жолунун курулушу аталган тилкедеги жол кыймылынын коопсуздугун күчөтөт
5
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-июлда,  Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Кара-Балта – Бишкек» авто жол тилкесиндеги курулуш ишинин жүрүшү менен таанышты. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалымдагандай, «Кара-Балта – Бишкек» авто жолунун  жалпы узундугу 45,1 километрди түзөт. Министрлик  кытай компаниясы «China Railway #5 Engineering Group Co., LTD» менен аталган Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Кара-Балта-Бишкек» авто жол тилкесиндеги курулуштун жүрүшү жана «Чалдовар-автодорожный» көзөмөл өткөрүү пунктунун ишмердүүлүгү менен таанышат
5
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-июлда, жумушчу сапары менен Чүй облусуна барат. Жумушчу сапарынын алкагында Өкмөт башчы «Кара-Балта -Бишкек» (42 километр) авто жол тилкесиндеги курулуш иштерин жүрүшү  жана Чүй облусунун Панфилов районундагы «Каинды-Кант» ААК ишмердүүлүгү менен таанышат. Премьер-министр кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Чалдовар-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишмердүүлүгүн көрүп чыгат. Ошондой эле Премьер-министр жумушчу сапарынын Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР