6 Теке архиви

ФОТОРЕПОРТАЖ – Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Дүйшөмбү шаарында «CASA-1000» долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн саммитине катышты
6
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 6-июлда, Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарында «CASA-1000» долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн саммитине катышты. CASA-1000» энергетикалык долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн саммитине катышуунун алкагында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков  Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Ашраф Гани жана Тажикистан Республикасынын  Президенти  Эмомали Рахмон менен эки тараптуу жолугушуусу болду. Ошондой эле Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков айыл чарба продуктуларынын көргөзмөсүн Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Афганистандын Президентине этникалык кыргыздарга паспорт берүү маселесин чечкендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди
6
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн,  6-июлда, Афганистандын Президенти Ашраф Гани менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүү Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында CASA-1000 долборуна катышуучу өлкөлөрдүн саммитинин алкагында өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Ашраф Ганиге Памир  аймагында жашаган этникалык кыргыздарга паспорт берүү көйгөйүн чечүүгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди. Өкмөт башчы  Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Афганистандын бийлигине Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан Тажикстан менен жылуу коңшулук мамилеге өзгөчө маани берет
6
Теке

Кыргызстан Тажикстан менен жылуу коңшулук, достук, кызматташтык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерге өзгөчө маани берет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен болгон жолугушууда билдирди. Жолугушуу Дүйшөмбү шаарында CASA-1000 долборуна катышуучу өлкөлөрдүн саммитинин алкагында өттү. Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысы CASA-1000 субрегионалдык долбоорунун курулушуна расмий старт берилгенден тартып, бир Уландысы

Сооронбай Жээнбеков: CASA-1000 электр өткөрүү линиясынын боюна жогорку ылдамдыктагы интернет була-оптикалык кабель коюу пландаштырылып жатат
6
Теке

CASA-1000 электр өткөрүү линиясынын боюна жогорку ылдамдыктагы интернет була-оптикалык кабель коюу пландаштырылып жатат. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан  «CASA-1000» долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн саммитинде билдирди. Анын сөзүнө караганда  2018-жылы  Борбор Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүн байланыштырган бирдиктүү санариптик хаб, аймактык долбоор Digital CASA – трансчекара телекоммуникациялык байланышын ишке киргизүү башталат. “Digital CASA- Уландысы

Кыргызстанда 2018-жылдын январында “CASA-1000″ долбоорунун алкагында жаңы электр өткөрүү линиясынын курулушу башталат
6
Теке

Кыргызстанда 2018-жылдын январында “CASA-1000″ долбоорунун алкагында жаңы электр өткөрүү линиясынын курулушу башталат. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан  «CASA-1000» долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн саммитинде билдирди. Саммитке  бардык кызыктар тараптардын өкүлдөрү катышууда. Булар – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри  Наваз Шариф, Афганистан Ислам Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: Өзгөчө кырдаалдардын жыйынтыгында жабыркаган жарандарды жеңилдетилген насыя менен каржылоо маселеси чечилет
6
Теке

«Өзгөчө кырдаалдардын жыйынтыгында жабыркаган жарандарды жеңилдетилген насыя менен каржылоо  маселеси чечилет. Жабыркаган жарандар төмөнкү пайыздагы узак мөөнөттүү насыя алышат». Бул тууралуу  Кыргыз Республикасынын  биринчи вице-премьер-министри  Мухамметкалый Абулгазиев Ош облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында билдирди. Жумушчу сапарынын жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев  2018-жылдын май айында жер титирөөдөн жабыркаган Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит, Кара-Мык жана  Жекенди Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «CASA-1000» долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн Саммитине катышуу үчүн Тажикстанга келди
6
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда, «CASA-1000» долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн Саммитине катышуу үчүн Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарына келди. «Дүйшөмбү» эл аралык аба майданынан Өкмөт башчысын Тажикстандын Вице-премьер-министри  Азим Иброхим тосуп алды. Мындан тышкары, «CASA-1000» энергетикалык долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн Саммитине катышуунун алкагында Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Ашраф Гани жана Тажикистан Республикасынын  Президенти Уландысы

Русланбек Сарыбаев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды
6
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков  кол койгон буйрукка ылайык, Сарыбаев Русланбек Рыскулбекович Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын  маалыматтык камсыздоо бөлүмү

1 2
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР