7 Теке архиви

«Искра Азия» агроөнөржай парк долбоорун ишке ашыруу менен 30миңге чейин жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк ачылат
7
Теке

«Искра Азия» агроөнөржай парк долбоорун ишке ашыруу менен 30миңге чейин  жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк ачылат. Долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгында 1млрд АКШ долларына чейин инвестиция түшүүсү күтүлүүдө». Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын  биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 7-июлда,  Кытай Эл Республикасынын товарлардын сапаты, көзөмөл, инпекция жана карантин үчүн көзөмөл боюнча башкы башкармалыгынын министри Чжи Шупинг менен Уландысы

Кыргызстанда 2017-2020-жылдарга карата айыл чарба жерлеринин түшүмдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу Концепциясы бекитилди
7
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын 2017-2020-жылдарга карата айыл чарба жерлеринин түшүмдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу Концепциясын бекитүү жөнүндө” Өкмөттүн токтомуна кол койду. Аталган Концепция Кыргыз Республикасынын айыл чарба жерлеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча алдыңкы багыттарын ишке ашырууга багытталган. Концепциянын негизги максаты – айыл чарба жерлеринин түшүмдүүлүгүн тынымсыз көбөйтүү, жердеги азык заттардын балансын жакшыртуу жана туруктуу Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Ош облусундагы жаратылыш кырсыктарынан жабыркагандарга жардам көрсөтүүнүн жүрүшүн көзөмөлдөдү
7
Теке

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев бейшемби, 6-июлда,  Ош облусуна  болгон иш сапарында 2017-жылдын апрель айында Өзгөн районунда орун алган  жер көчкүнүн кесепетинен жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүүнүн  жүрүшүн текшерип чыкты.  Мухамметкалый Абулгазиев жаңы үйлөрдүн курулушуна бөлүнүп берилген жер тилкелерин өздөштүрүү боюнча  жүргүзүлүп жаткан иштердин жүүрүшү менен таанышты. Бүгүнкү күндө бардык жабыркаган тургундарга жер үлүштөрү толугу менен бөлүнүп Уландысы

Кыргызстан менен Кытайдын айыл чарба жана ветеринария тармагында кызматташтыгы жөнүндөгү эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлду
7
Теке

 Бүгүн, 7-июлда, Кыргызстан менен Кытайдын  айыл чарба жана ветеринария тармагында кызматташтыгы жөнүндөгү  эки тараптуу  төрт документке кол коюлду. Иш чара Өкмөт Үйүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен Кытай Эл Республикасынын товарлардын сапаты, көзөмөл, инпекция жана карантин үчүн көзөмөл боюнча башкы башкармалыгынын министри Чжи Шупинг менен жолугушуусунун алкагында өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду: Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан Кытайга эт, сүт, балык жана башка айыл чарба продукцияларын экспорттоого даяр
7
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-июлда, Кытай Эл Республикасынын товарлардын сапаты, көзөмөл, инпекция жана карантин үчүн көзөмөл боюнча башкы башкармалыгынын министри Чжи Шупинг менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Өкмөт башчы  Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, Кыргызстан Кытай менен  толугу менен айыл чарба, анын ичинде ветеринария жана фитосанитария тармагында эки тараптуу кызматташтыкты колдойт. Кытай делегациясынын сапары кызматташтыкты биргеликте Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР