10 Теке архиви

Талайбек Ажиев Тоң районунун акими болуп дайындалды
10
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Тажиев Талайбек Кулубекович Ыссык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы-акими болуп дайындалды.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү    

Эсенгул уулу Улан Тоң районунун акими кызматынан бошотулду
10
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Эсенгул уулу Улан башка ишке которулгандыгына байланыштуу Ыссык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими ээлеген кызматынан  бошотулду.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ислам Өнүктүрүү Банкы менен кызматташууга өзгөчө маани берет
10
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июлда, Ислам Өнүктүрүү Банкынын вице-президенти Саед Ага баштаган делегация менен жолугушту. Сооронбай Жээнбеков Ислам Өнүктүрүү Банкынын өкүлдөрүнө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ИӨБ менен өз ара кызматташууга  артыкчылыктуу маани берет. «Бүгүнкү күндө транспорт, энергетика, ирригация жана суу менен камсыз кылуу тармактарында кызматташуу Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР