12 Теке архиви

Вице-премьер-министр Олег Панкратов ПРООНдун жаңы администратору Штайнер менен жолугушту
12
Теке

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов  Туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумга катышуунун алкагында Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) жаңы администратору Ахим Штайнер менен жолугушту. Нью-Йорк шаарындагы БУУ башкы штаб-квартирасында өткөн жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүү үчүн өз ара аракеттешүү маселелерин талкуулады. Атап айтканда ЮНДАФ (БУУ өнүгүү максаттарына колдоо көрсөтүү боюнча программасы) Уландысы

Бүгүнкү күндө «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ААК жалпы 1,7 млрд сом суммасында 1410 ипотекалык насыя берди
12
Теке

Бүгүнкү күндө «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ААК жалпы 1,7 млрд сом суммасында 1410 ипотекалык насыя берди. Бул тууралуу «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ачык акционердик коомунун башкармалык төргасы Бактыбек Шамкеев бүгүн, 12-июлда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  «2015-2020 Жеткиликтүү турак-жай»  программасын ишке ашыруу маселеси боюнча өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди. «Республика боюнча берилген ипотекалык насыялардын санынын ичинен 13% «Мамлекеттик ипотекалык Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Экспортко багытталган ишканалар үчүн эч кандай тоскоолдуктар болбошу керек
12
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июлда, экспортерлор жана өлкөнүн бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү менен кезектеги жолугушуусун өткөрдү. Ишкердик чөйрөнүн актуалдуу көйгөйлөрүн талкуулоого мамлекеттик органдардын тармактык жетекчилери катышты. Ишкер чөйрөнүн жана бийлик  өкүлдөрү маселелердин кеңири багыттары боюнча пикир алышты. Анын ичинде ветеринардык документтерди алууну  жөнөкөйлөштүрүү, үчүнчү өлкөлөргө товарларды ташып өткөрүүнү жеңилдетүү маселелерин талкуулашты. Эт азыктарын кайра иштетүүү Уландысы

ФОТОРЕПОРТАЖ – «Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020» программасын ишке ашыруу тууралуу» маалымат жыйыны
12
Теке

Бүгүн, 12-июлда, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүндө «Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жеткиликтүү турак-жай  2015-2020» программасын ишке ашыруу тууралуу» маалымат жыйыны болуп өттү. Маалымат жыйынына Мамалекеттик ипотекалык компаниясы башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев, Мамлекеттик ипотекалык компаниясы башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нуржигит Усенакун уулу, МИК сатуу жана продукцияларды иштеп чыгуу боюнча бөлүмүнүн начальниги  Фархад Ибраев Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Спортчу Дарья Маслованын уникалдуу жеңиши менен сыймыктанам
12
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июлда, жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү Дарья  Маслова жана  Адилет Кыштабеков, ошондой эле алардын машыктыруучулары менен жолугушту. Эске салсак эл аралык турнир Индия Республикасынын  Бхубанешвар шаарында болуп өттү. Дарья Маслова 5 жана 10 миң метр аралыкка чуркоодо жеңип чыгып, Кыргызстанга эки алтын медалды алып келди. Дагы бир коло Уландысы

Вице-премьер-министр Олег Панкратов: ЕАЭБ өлкөлөрү Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүүгө чоң маани беришет
12
Теке

ЕАЭБ өлкөлөрү Туруктуу өнүктүрүү максаттарына чоң маани беришет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Евразия экономикалык комиссия кеңешинин төрагасы Олег Панкратов Нью-Йорк шаарындагы БУУнун кеңсесинде өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Экономикалык жана социалдык кеңешинин Туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий Форумунда “Евразиялык экономикалык бирикме өлкөлөрүндө Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү жөнүндө” темасындагы  докладында билдирди. “Интеграциялык бирикмелерди түзүп, өнүктүрүүдө Уландысы

2017-2020-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын эл аралык спорттук мелдештерге катышуучу курама командаларынын түзүмү бекитилди
12
Теке

Тийиштүү чечим 11-июль, шешембиде, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекованын катышуусу менен өткөн 2017-2020-жылдар  аралыгындагы  Кыргыз Республикасынын эл аралык спорттук мелдештерге катышуучу спортчуларынын курама командаларын камсыз кылуу жана даярдыктар боюнча өткөн жыйындын жүрүшүндө кабыл алынды. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү атамекендик спортту өнүктүрүүгө анын ичинде жаш өспүрүмдөрдүн спортун ар тараптуу өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт. Негизги көңүл турмуштук оорчулукка карабастан, Уландысы

Экспорт жана импортко багытталган атамекендик өндүрүүчүлөр мамлекеттен каржылык колдоо алышат
12
Теке

Экспорт жана импортко багытталган атамекендик өндүрүүчүлөр мамлекеттен каржылык колдоо алышат. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, экспорт жана импортко багытталган ишканалар мамлекеттен финансылык колдоо ала алышат. Буйрукка ылайык «Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды каржылоо» долбоорго ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жалпы суммасы 350млн сом болгон аталган долбоорду быйылкы жылдын республикалык бюджетинин Уландысы

1 2
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР