13 Теке архиви

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүгө мамлекеттик органдар ар тараптуу жана өз убагында жардам берүүгө тийиш
13
Теке

«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүгө мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына  ар тараптуу жана өз убагында жардам берүүгө тийиш.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында маанилүү иш чара болуп саналат. Муну эске алуу менен шайлоону  жогорку уюшкандыкта жана техникалык деңгээлде өткөрүү керек», – деп билдирди  Кыргыз Республикасынын биринчи  вице-премьер-министри Уландысы

2017-жылдын I жарым жылдыгында Өкмөттүн Аппаратына жарандардан 2436 жазуу жана 567 оозеки түрүндө кайрылуу келип түшкөн
13
Теке

2017-жылдын  I жарым жылдыгында Өкмөттүн Аппаратына жарандардан 2436 жазуу жана 567 оозеки түрүндө кайрылуу келип түшкөн, анын ичинде:  - Кыргыз  Республикасынын  Президентинин  Аппаратынан – 132; – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен – 460; – Кыргыз Республикасынын  Премьер-министринин коомдук кабылдамасына – 420; – электрондук кайрылуулар – 371; – КМШ катышуучу мамлекеттерден жана алыскы чет өлкөлөрдөн – 13. Уландысы

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков газ станцияларынын өрт коопсуздугун көзөмөлдөөнү максималдуу күчөтүүнүн талап кылды
13
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июлда газбаллон жабдыктарын колдонууда өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Өкмөт башчысы газбаллон жабдыктарын колдонуудагы жоопкерчиликсиз мамиле жана коопсуздук техникасын бузуу адам курмандыктарына алып келгенин белгиледи. Өзгөчө кооптуу окуялардын саны көбөйдү. Сооронбай Жээнбеков мындай кырсыктар көп учурда айрым жарандардын жана жеке ишканалардын газ жабдыктарын сатуудагы мыйзамсыз иш-аракетинен улам Уландысы

2017-20121-жылдары интелектуалдык менчикти өнүктүрүү мамлекеттик программасы бекитилди
13
Теке

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «2017-20121-жылдары интелектуалдык менчикти өнүктүрүү мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн токтомуна кол койду.   Аталган документ 2021-жылга карата интелектуалдык менчик рыногунун иштөөсү үчүн шарттарды түзүү максатында бекитилди. Документте белгиленгендей, Кыргыз Республикасында экономиканын башка тармактарын реформалоо муктаждыгы жана өнөржай жана айыл чарба потенциалын өстүрүү мүмкүнчүлүктөрү каралган.  Интелектуалдык менчикти өнүктүрүү мамлекеттик Уландысы

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жашоо абалы жана медициналык жардам көрсөтүү шарттары менен таанышты
13
Теке

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Беловодск балдардын психо-неврологиялык социалдык стационардык мекемесиндеги  ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жашоо шарттары жана Чүй облусунун Ивановка айылындагы балдардын психиатриялык республикалык ооруканасындагы медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты менен таанышты. «Өкмөттүн астында ден соолугуна мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жеке өнүгүүсүнө жана жашоосу үчүн зарыл  шарттарды түзүү боюнча чоң милдеттер коюлган. Атап айтканда, жатак-үй Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР